Аталган салтанант 22-апрель күнү Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өттү. Салтанатка жазуучу Ч.Айтматов өзү, маданият жана маалымат министри Султан Раев жана башка бийлик өкүлдөрү, жазуучулар жана студенттер катышты. Симпозиумду ачып жатып, «Манас» университетин ректору С.Кайыпов: “Азыркы заманда бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн сыймыктанар классик жазуучунун юбилейин белгилөө ушул окуу жайда башталып жатканына чоң сыймыктамын”, - деп айтты. Симпозиумдун биринчи күнү түрк тилинде тартылган «Кызыл жоолук жалжалым» көркөм тасмасы менен аяктады. Бул иш-чара жазуучунун 80 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. (ESu)