Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

АКШда демократиялык партиянын президенттикке талапкерлери Хиллари Клинтон менен Барак Обама бүгүн Пенсилвания штатында өз тарапкерлеринин сынагынан өтүшөт. Байкоочулар партиялаш эки сенатор --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/BC6BD9FE-F667-48BA-A114-82CE6C8A1A40.asp ортосундагы таймаштын тагдыры бүгүнкү шайлоодо чечилиши мүмкүн дешет. Бул жарышта азырынча Обама алдыда келатат.

Жалпы добуштардын саны жагынан партиялаш атаандашына теңелүү же андан биртке алдыга чыгуу үчүн сенатор Хиллари Клинтон Пенсилваниядагы сынамык шайлоону 20 проценттей айрыма менен утуп алышы керек. Бул штат августтагы партиялык курултайга 158 делегат жөнөтөт. Бирок шайлоо алдындагы коомдук пикирдин натыйжалары мурдагы биринчи айымдын көрсөткүчү ашып эле барса 5-6 процентке көп болорун көрсөтүүдө.

Пенсилваниядагы шайлоо алдындагы талкуу-талаштарда Клинтон атаандашы Обаманын медициналык тейлөө тармагын реформалоо боюнча планын алдамчылык деп атады. Мындан тышкары жакындагы бир сөзүндө Обама сенатор Жон Маккейн азыркы администрация башчысы Жорж Бушка караганда жакшы президент боло аларын айткан эле. Анын бул сөздөрүнө шайлоочулардын назарын буруп, Клинтон демократтарга республикачыл Маккейнге алакан чапкан талапкер эмес, аны менен кармаша билген кандидат керектигин эскертти.

Өз кезегинде мунун баарын Барак Обама партиялаш атаандашынын ыпылас ыкмалары катары баалады. Клинтон эптеп эле көп добуш алганы эчтемеден ийменбеген тактиканы тандап алды, деп айтты Обама. Кечээ ал пенсилваниялыктарга кайрылып: “Эгер эртең мени менен бирге болсоңор, эгер мен үчүн добуш берсеңер, анда мен партиялык ички жарышты эле эмес, жалпы шайлоону да утуп алганга убада берем, баарыбыз биргелешип бул өлкөнү өзгөртөбүз, дүйнөнү өзгөртөбүз”, - деп айтты.

Клинтон да пенсилваниялыктардын тарыхый жигерин ойготконго аракет кылды. “Эгер эртең мага жооптуу милдетти сунуш кылсаңар, мен аны кабыл алам,анан баарыбыз биргелешип өлкөбүздү коргоп калабыз. Келгиле, тарыхый иш жасайлы, алга адымдайлы жана дүйнөгө Американын жакшы күндөрү алдыда турганын көрсөтөлү”,- деп кайрылды Клинтон өз тарапкерлерине.

Көпчүлүк демократтар Клинтон менен Обаманын өз ара кармашы эртерээк бүтүшү керек деп эсептешет. Болбосо алардын айыгышкан атаандаштыгы жалпы партиянын кадырына кедерин тийгизиши ыктымал.

Демократтардын таанымал жана таасирдүү ишмерлери - “суперделегаттар” арасында күздөгү шайлоодо Маккейнди утуп алганга Барак Обаманын саясий каркыны жетет деп эсептегендер арбын. Ошол эле учурда сурамжыларда Обаманы тажрыйбасыз жана анчейин чынчыл эмес деген пикирлер да күч алып баратканы байкалды.

Ушул жана башка жагдайларды пайдаланып, Хиллари Клинтон азырынча арсарып турган делегаттарды өз тарабына тартып алганга умтулууда.

Соңку сурамжылар дагы бир көрүнүштү айкындады. Атап айтканда, Жон Маккейн буга чейин коомдук пикирде демократтардын эки талапкеринен артта калып келатса, акыркы кезде аларды такымдап кууп жетип калды, атүгүл аларга теңеле баштады.
XS
SM
MD
LG