Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

Бүгүн Кыргызстандын коммунисттер жана Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү Владимир Лениндин Бишкектеги эстелигине гүл коюшуп, туулган күнүнүн 138 жылдыгын белгилешти. Ошол эле жерде “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы фонддун” өкүлдөрү Коммунисттер партиясы менен чогуу америкалык авиабаза --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/7FACA88E-F430-4898-9962-AAFBDA8E8E7D.asp өлкө аймагынан чыгарылсын деген талап менен акция өткөрүштү. Аягында иш-чаранын катышуучулары президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасынын атына кайрылуу кабыл алышты.

CCCРдин тушундагы патриоттук ырлардын жаңыруусунда Кыргызстан коммунисттери жана Коомунисттер партиялары компартиянын жолбашчысы Владимир Ильич Лениндин эски аянттагы эстелигинин алдында эскерүү өткөрүштү. Эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Владимир Ленин, Коммунисттик партиянын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу сөздөр сүйлөндү.

Андан кийин “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский” атындагы фонд менен Коммунисттер партиясы Кыргызстандын аймагынан АКШ аба майданын чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү. Коммунисттер партиясынын төрагасы Клара Ажибекова компартия жолбашчысынын туулган күнү менен АКШнын аскерий аба базасын чыгаруу талабы коюлган акциянын чогуу өткөрүлүп жатышын төмөнкүдөй чечмеледи:

-Империализмди талкалаган ким болгон? Ленин! Советтер союзун талкалап, Кыргызстандын аймагына өзүнүн аба майданын коюп атат. Ошол аба базанын бизге кереги барбы? Бир тыйынчалык да, бир мүнөт да кереги жок!

Клара Ажибекованын пикири боюнча АКШнын аскерий аба майданынан жаратылыш да зыянга учурап, мындан эң биринчи жергиликтүү элдин денсоолугу жана генофонд бузулуп жатат.

Иш-чаранын катышуучулары аскерий аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруусун кыргыз бийлигинен талап кылышып, буга жети ай убакыт беришерин айтышты. “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы фонддун жетекчиси Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча эгер бийлик талапты аткарбаса, анда президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү талабы башталмакчы:

-Анткени бул аба базасынын Кыргызстанда жайгашып туруусу - өлкө үчүн рухий жактан абдан коркунучтуу, экинчиден экономикалык жактан да орду толгус зыян гана алып келбесе, эч кандай пайда бербейт. Бул аба базасынын учактары бомбалап жаткан мамлекеттердин элдери бизди каргышка алышы мүмкүн. Ал эми экономикалык жактан базадан түшкөн акча президенттин үйбүлөсүнүн гана чөнтөгүнө түшпөсө, өлкөнүн бюджетине бир тыйын да түшпөйт.

Эки жарым жылга чукул убакыт мурун “Манас” аскерий аба майданынын аскери Закари Хэтфилддин колунан кыргызстандык жумушчу Александр Иванов каза тапкан. “АКШ аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Александр Типеров бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлгөнү менен окуя болгондон кийин аз убакытта АКШга кетирилген айыпкердин кандай жаза алганы белгисиз бойдон калгандыгына тынчсыздануусун билдирди:

-Биз талап кылабыз –кыргызстандык айдоочуну өлтүргөн америкалык жоокер Закари Хэтфилд кылмышына жараша жазасын алышы керек. Февраль айында эле АКШнын элчиси Мари Йованович тергөө бүтүп аткандыгын, анын жыйынтыгы менен бизди тааныштырарын айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп жок. Биз ачык асманды, тынч аэропортту жана жергебизде тынчтыкты каалайбыз.

Иш-чаранын аягында АКШ аскерий аба майданынын чыгып кетүүсүн талап кылган акциянын катышуучулары мамлекет башчысынын, парламент төрагасынын жана өкмөт башчысынын атына кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда аскерий аба базасы тууралуу келишимди жокко чыгаруу, чет элдик аскерлердин Кыргызстанда өзүн алып жүрүү тартиби тууралуу жаңы жоболорду кабыл алуусун талап кылынган.

АКШ аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен буга чейин да бир нече жолу иш-чаралар болуп келген. “АКШ аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Александр Типеровдун айтуусунда ага карата кыргыз бийлиги да, АКШ аскерий аба базасынын жетекчилиги да эч кандай жооп бере элек.

Ошентсе да кыргыз коомчулугунда терроризмге каршы күрөшүү максатында Кыргызстанда жайгашып турган аскердик аба майдандын өлкөнүн коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээлигин бекемдеген пикирлер да бар. Мындай пикир ээлери 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кол салып, элдин коопсуздугун бузган куралдуу террористтердин аягы өлкөдө антитеррордук күчтөрдүн аскерий аба базасы жайгашары менен тыйылганын айтып жүрүшөт. Ошол эле учурда айрым саясатчылар азыркы бийлик коопсуздук саясатын жакшылап жүргүзө албай жаткандыгын белгилешет.

Мурдагы тышкы иштер министри, эл аралык саясат жана өнүгүү фондунун жетекчиси, “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан эң алгач эл аралык аброюн сактап калууга аракет кылууга тийиш, деп эсептейт:

-Биздин коопсуздугубуз биздин эл аралык аброюбузга жараша болот. Кыргызстан жалгыз өзү коопсуздугун камсыз кыла албайт. Ошондуктан, чоң мамлекеттер менен, глобалдуу оюнчулар менен биз жакшы мамиледе болууга тийишпиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG