Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

НУР ОМАРОВ: “ОППОЗИЦИЯ ЭЛДИН КӨЙГӨЙҮН КӨТӨРГӨНҮ ЖАТАТ”


Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр 26-апрелде Каракол-Балыкчы багытында жөө жүрүшкө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CE5B167B-EE52-4A85-A175-15C0FF8A972B.asp чыгаарын жарыя кылды. “Акыйкат үчүн” кыймылы распубликалык штаб түзүп, анын төрагалыгына экс-прокурор Азимбек Бекназаровду бекитти. Жүрүш жасоо демилгесин жаңы түзүлгөн “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети көтөргөн. Өз кезегинде бийлик коомдук-саясий кырдаалды курчутууга жол берилбестигин эскертүүдө.

Оппозиция жөө жүрүшкө чыгуу максатын Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоо талабы менен байланыштырууда. Буга жакында Жогорку Кеңеш ратификциялаган Кыргызстан-Казакстан ортосундагы чегарага жана Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатка байланышкан эки документ түрткү болду. Оппозициянын негиздегенине караганда, аталган эки документ аркылуу Кыргызстанга таандык Таластагы карьер, Чүйдөгү “Достук”, Ысыккөлдөгү Каркыра аймактары жана төрт пансионат кошуна мамлекеттин карамагына өтүп кетти. Муну кыргыз элине каршы жасаган чыккынчылык деп баалаган “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети бийликке ар кандай чаралар аркылуу эскертүү бербесе, жерди башка жакка берүү өнөкөткө айланып кетет деп билдирди.

Штаб башчы жана экс-баш прокурор Азимбек Бекназаровдун көз карашында Үзөнгү Кууш сыяктуу эле Каркыра баштаган жерлерди кайра кайтаруу мүмкүн эмес, бирок алдын алчу маселелер албын:

- Мына Кытайга Үзөңгү Куушту бердик эле Казакстан Каркыраны бересиң деп жапырып келбедиби. Эртең Өзбекстан Аксынын жарымын, Карасуу районунун жарымын, Сохту бересиң дейт. Тажиктер Баткендин жарымын бер деп чыгат. Түпкүлүгүндөгү максат – кыргыз жерин коргоо. Иш жүзүндө көрүп атабыз: Акаеви да, Бакиеви да чекесинен берип атат. А биз кеткенден кийин чырылдап, “жоо кеткенден кийин кылычыбызды ташка чаап” калып атабыз. Ошондуктан биздин максат – алдын алыш. Эртең Сохтун, Аксынын жарымын, Баткенди, Риштанды, Шахимарданды өткөрүп ийбейли дейбиз.

“Ыйык Ата Журтту коргоо” комитетинин төрагасы Мукар Чолпонбаевдин билдиргенине караганда, жүрүш 26-апрелде Түп районунан башталып, көлдүн эки тарабы аркылуу Балыкчы шаарына чейин уланат. Жүрүш учурундагы коопсуздукту жана тартипти сактоо, ар кыл чагымчылыкка жол бербөө багытында аракеттер көрүлүп жатат деп билдирди оппозициячыл лидер.

Анткен менен, Бишкек шаар прокуратурасы мыйзамды бузууга жол берилбей тургандыгын “Акыйкат үчүн” кыймылына кечээ эскертти. Мындай эскертүүнү Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев кубаттады. Депутаттын пикиринде жүрүш жасоо миңдеген адамдардын укуктарын тебелейт, ошондуктан тартип коргоо органдары бул багытта катуу иштеп, мындайга жол бербеши керек:

- Документтерде туура чечилгенби, туура эмеспи, ошолорду карап, тактап туруп анан жыйынтыкка келиш керек да. Билбей туруп эле лидерлери эмне деп айтса, аларды башаламан колдоп, аркасынан ээрчиген бул - болбогон нерсе. Качанкыга чейин эле Кыргызстанда жүрүш, митинг, пикет деп жүрөбүз.

Тагаевдин ишениминде бул жүрүштүн артында бардык башка иш-чаралар сыяктуу эле каржылык колдоо, кандайдыр бир фонд бар.

Мындай көз карашты колдобогондордун бири саясат таануучу Нур Омаров. Талдоочунун баамында оппозиция көтөрүп жаткан маселе - элдин көйгөйү:

- Жөө жүрүш оппозициядан эмес, президенттин жана өкмөттүн оңтойсуз чечимдерине жергиликтүү элдин нааразылыгынан жаралып отурат. Оппозиция бул жерде жөө жүрүшкө катышууну каалап жаткан эл менен бийликтин ортосундагы позицияда туруп, ортомчулук милдетти аткарып жатат.

Нур Омаров мындай акцияны басууга бийлик аракет кылса, бул ириде бийликтин өзүнүн кадырына доо кетирип коюшу мүмкүн деген ойдо:

- Ошол эле мезгилде оппозиция жүрүшкө өтө кылдаттык менен мамиле жасабайт го деп чоочуйм. Бийлик элдик демилгелерге, жүрүштөр менен кыймылдарга шектүү караган мисалдар өтө көп. Бул жерде деле элди коркутуу аракети жасалбайт деп айтууга болбойт.

Ошол эле мезгилде саясат таануучу оюн эркин билдирүүгө ар бир жарандын укугу бар деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG