Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Өкмөттүн эксперттик комиссиясынын жыйынтыгы чыкканча иши токтолуп калган Таластагы Андаш кенин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/95D4AABB-9318-4384-980B-CD2B5BF32908.asp иштетүү боюнча долбоорго кайрадан уруксат берилди. Кенди казып алуунун жаратылышка тийчү таасири тууралуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын бүтүмү чыккан. Жооптуу чечимдин кабыл алынышына аймактын социалдык-экономикалык өнүгүш зарылдыгы да эсепке алынганы айтылууда.

“Андаш” алтын-жез кенинин экологиялык проблемалары жергиликтүү эл тарабынан козголгон. Кенге жакын жайгашкан “Көпүрөбазар” айылынын тургундары алтын менен жез казылып алгандан кийин ууланган суу менен талкаланган тоо каларын эскертишип, анткенче ач кулактан тынч тоону бузбай сактап калуу демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Акыйкатта да, 20 тоннага жакын алтын, андан азыраак жез, күмүш казып алыш тоону жардырып, табиятты бүлдүрүүнүн кажаты бар беле? “Табият Лайв” экологиялык уюмдун жетекчиси Кайрат Молдошевдин айтуусунда, жергиликтүү элдин арасында жаңы долбоор жайында туруктуу пикир жок:

- Менин билишимде, ал жердеги эл экиге бөлүнүп, экианжы болуп жатат. Жарымы кенге уруксат берилсе, биздин жумушсуз жүргөн балдар иштеп калышат дешет. Бирөөлөр кенсиз эле төөбурчак менен жакшы жашап кетебиз деген пикирде. Ушинтип өздөрү макулдукка келе албай жатышат. Ал жерде андай болгон соң өкмөттүн ичинде макулдукка келиш кыйын.

Өкмөттүк комиссия да “Андаш Майнинг” компаниясына жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилөөдө. Адистердин айтымында, кен иштетүү 6 – 7 жылга созулушу мүмкүн. Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, долбоорду жумушчу топко кирген техникалык адистер, окумуштуулар дагы бир ирет окуп чыгышып сын-пикирлерин беришкен. Техника-экономикалык негиздеме толук даяр болгон соң адистерден турган топ жергиликтүү эл алдында кенди иштетүүнүн жол-жобосун, шарттары кандай болорун түшүндүрүп беришмекчи.

- Азыр биз эки сунушту киргизип жатабыз. Азыр дүйнөдө кенди жардыруусуз эле иштете турган технология бар, - дейт Орозбек Дүйшеев. - Аны бир участогуна коюп, эгер иш жакшы жүрүп кетсе жардырууну токтотобуз. Анан азыр жардырууну башкарууга өтүшкөн. Техника ошондойго жеткен. Ошол жардыруулар болгон жерден 150 метр жерде айнек-терезелүү жайлар турат. Жардыруудан 2,5 чакырым жерде ал угулбайт деле.

“Андаш” алтын-жез кенинин даярдык жумуштары, экспертизалык иштери аяктагандан кийин жергиликтүү элге тоокен долбоорунун экологиялык салакасы, иштөө шарттары түшүндүрүлө тургандыгын Кыргызстандын геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчи орунбасары Наби Эшназаров да ырастады.

- Уулуу заттар, айрыкча цианид ал жерде колдонулбайт. Бул жерде көбүнчө талкалануу жумуштары гана жасалат, аны флотация дейт. Химиялык реагенттердин айрым түрлөрү колдонулушу мүмкүн, бирок алар биринчиден, технология боюнча сууга аралашпайт. Жерге сиңип кетпегендей кылышат. Анын үстүнө цианиддерди колдонбойт.

Кийинки айда алтын-жез кендин долбоору толук даяр болуп, жергиликтүү элге түшүндүрүлгөнү туру. Таластын төрүндөгү тоо айылдары аны кабыл алабы же алтын кен талашы бийлик менен элдин ортосундагы кезектеги тирешүүсүнө алып келеби – айтыш кыйын. Кыргызстандагы ири долбоорлордун баары чоң талашка түшүп, ал бийлик менен оппозициянын ортосундагы түгөнбөгөн чууга айланып кетчү эле.

Таластагы “Жерүй” кенинин мурдагы инвестору менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы эларалык арбитраждык соттогу териштирүү да аягына чыга элек.

Бул аралыкта кыргыз өкмөтү “Кумтөр” алтын кени боюнча өткөн жылдын августунда кол койгон келишимдерин дагы бир ирет карап чыгуу үчүн ведомстуктар ортолук комиссия түзүп, анын жыйынтыгын күтүп отурган чагы.
XS
SM
MD
LG