Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

10:57 Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров дипломатиялык ишине киришти


Кыргыз элчиси Раимкул Аттокуров шейшембиде Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Дипломатиялык ишмердүүлүктүн тартибине ылайык, ушуну менен элчи өз ишмердүүлүгүнө толугу менен киришти. Кыска мөөнөттөгү сүйлөшүү учурунда элчи орус президентине Кыргызстан быйыл күзүндө өтө турган саммитке даярданып жатканын кабарлады. Күзүндө Бишкекке КМШ мамлекеттеринин башчылары келиши күтүлүүдө. Президент В.Путин кыргыз президенти К.Бакиев менен ага чейин июнда Санкт-Петербург шаарында өтө турган Экономикалык форумда да сөзсүз көрүшө турганын билдирди, деп кабарлашты элчиликтен. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG