Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

ООГАНСТАНДА ИНДИЯЛЫК ТЕЛЕСЕРИАЛДАРГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Амирбек Усманов, Прага Ооган --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/2891F896-364D-4BF6-AB18-F127E3514E19.asp өкмөтү мусулман диниятчылары «исламага жат» жана «ооган элинин маданиятына шек келтирет» деп тапкан телеберүүлөрдү, анын ичинде беш телесериал көрсөтүлбөсүн деп буйруду. Чечимди президент Хамид Карзай колдоду. Удаа эле парламенттин комитети эл алдына чыгып бийлөөгө, аял жана эркек спортсмендердин чогуу машыгуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылды.

«Ариана» менчик телеканалы 22-апрелден тартып, оогандар сүйүп көргөн көп сериялуу «Кумкум» тасмасын көрсөтүүнү токтотту. «Маалымдоо жана маданият министрлиги «Ариана» телестанциясына экинчи жолу ырасмий кат жөнөтүп, «Кумкум» драмасын көрсөтүүнү токтотууну талап кылды», - деп түшүндүрдү иштин жайын телеканалдын баш редактору Абдулкадыр Мирзай «Эркин Ооганстан» радиосуна берген интервьюда.

Индус түгөйлөрдүн сүйүүсү жөнүндөгү телесериалда, Мирзайдын сөзүнчө, Индиянын башка тасмаларындагыдай эле жаштарды жолдон чыгарчу же үйбүлө менен көрүүгө болбогон эч кандай адепсиз сценалар жок болчу.

Бирок маданият министри Абдулкарим Хуррам мындай сериалдарды көргөн балдар адепсиз чоңоюп, жакшы үйбүлө күтө алышпайт деп санайт:

- Мисалы, бул сериалдарда бир мезгилде үч-төрт эркек менен мамиле күткөн бейнике бала төргөн аялдар көрсөтүлөт. Сериалдарды балдардан тартып чоң кишилерге чейин көрөт. Бул адамдардын жүрүм-турумуна жана жакшы үйбүлөлүү болуусуна зыян келтирет.

Эл жабыла көргөн телесериалдар учурунда реклама көп көрсөтүлчү. Андыктан телесериалдарды токтотуу менчик телеканалдардын кирешесин кыскартат, көрөрмандарын ажыратары шексиз.



Жеке менчик «Төлө» телеканалы бийликтердин чечимин мыйзамсыз деп, оогандар сүйүп көргөн “Тулси” жана “Турмуш сыноосу” деген телесериалдарды көрсөтө бермек болууда. Азырынча анын аягы эмне менен бүтөрү белгисиз.

Электрондук маалымат каражаттарына каршы жортуул телесериалдарды тыюу менен чектелбейт. Ооган парламентинин Баңгиликке жана адепсиздикке каршы күрөшүү комитети арак-шарап ичимдиктерине, аялдар менен эркектердин чогуу бийлөөсүнө, «Ооган жылдызы» сыяктуу телесынактарды уюштуруп, көрсөтүүгө, аялдардын бийчи болуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун киргизди.

Аял жана эркек спортчулардын чогуу машыгуусуна тыюу салуу жагы да каралууда. Мындай сунушту таасирлүү Диниятчылар кеңеши колдоду. Бирок бир катар депутаттар менчик телеканалдардын укугун коргоого чакырышты.

Карапайым оогандар бийликтер популярдуу телесериалдарды тыюу менен ансыз да узак жылдык ич ара согуш алып келген оор турмуштан кыйналган элди руханий ырахатынан ажыратарын айтышууда. Өкмөт чындап эле исламга жат, коомго зыяндуу көрүнүштөргө каршы күрөшкүсү келсе, ата-энелердин бойго жете элек жаш кыздарды карызын жабуу үчүн сатуусун жана үйбүлөлүк кектешүүлөрдү токтотуу аракетин кылыш керек, дешет алар.

XS
SM
MD
LG