Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кечээ Билим берүү жана илим министрлигиндеги азыркы абалы боюнча парламенттик угууда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр айтылды. Бул тармактагы айрым маселелер боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Билим берүү академиясынын алдындагы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун директору Сабыр Иптаров жооп берди.

-Сабыр мырза, ушул тапта бул тармактын аксап жатышынын себеби эмнеде?

-Бардыгыбыз билгендей коомдун бардык тарабы оору болуп жатпайбы. Ошол сыяктуу биздин билим берүү тармагы оор абалда турат. Эми буга карата ооруга адатта дарыгерлер диагноз коюш керек, даарылоонун жолдорун ошолор көрсөтүш керек.

Мындай да, билим берүү системасынын дарыгери катары адатта илимди карайбыз да. Илимий жол менен, системалуу өзгөрүү болобу дегендей. Тилекке каршы, бизде административдик деңгээлде билимде реформасы жүрүп келе жатат. Ошон үчүн бир жүргүзүлгөн кадам экинчи андан дагы олуттуу кадамдарды пайда кылып коюуда.

Ошон үчүн кечээ парламенттик угууда бир топ жакшы, алгылыктуу сунуштар айтылды. Себеби билим берүү системасы бул бүтүн бир организм. Андыктан бүтүндөй организмдин бир мүчөсүн даарылап, экинчи мүчөсүн кайра ооруга кабылтпай, конссилиум чакырыш керек. Ошонун бардык мүчөсүн далилин билген адамдардын башын кошуп, жети өлчөп, бир кесип туруп, билим берүү системасын реформага чечкиндүү алып кетиш керек. Кеп мына ушул жерде болуп жатат да. Анан башкы врач “жок, мен билем, ушундай кылып чечкиле” деп коюп эле, анан улам кийинки башкы дарыгердин кылганын жасоо бул өзү опурталдуу жолго алып бараарын көрсөттү.

-Мына ушуга байланыштуу парламент депутаты Иса Өмүркулов Билим берүү министрлигине жаңы келген министр мурдагы министрдин ишин улабай эле, өзүнүн саясатын жүргүзүп, натыйжалуу реформа болбогонун айтты. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Эми бул эле министр айым эмес, буга чейинки министрлер дагы ошондой багытта келип жатпайбы. Себеби педагогикалык ЖОЖдор бизде бар эле, облустарда бар болчу. Ошолор жаманбы-жакшыбы ушул мугалимдерди даярдоо маселеси, билимдин стандартын көзөмөлдөп турчу. Анан алар жоюлуп кеткен, азыр республикада жок. Бул киши келип, азыр ошону кайра калыбына келтирем деп аракеттенип жатат. Анан бул киши коюп кеткенден кийин, дагы башка министр келсе, бул кишиникин ал киши оңдойт. Ошентип эле иш алдыга кетпей жатат.

Ошон үчүн бул жерде кеп бул жеке инсандарда эмес, министрдин өзүнүн жеке позициясында дагы эмес. Кеп биздин илим тармагы, педагогика деген илимде. Мына, бул эгемендүүлүк келгенден бери билим берүү системасын өнүктүрүүнүн бир концептуалдуу пикирин айта алдыбы, же жокпу? Ошол министрге дагы илим өнүгүүнүн жолу, мындай-мындай тармактары бар, бул жолу орточо, бул жолу опурталдуу дегендей бир жолду көрсөтүш керек да.

Азыр биздин педагогика илими жалаң гана китеп жазууга ыктап алган. Анткени китеп жазуу бул абдан кирешелүү тармак. Азыр Билим берүү академиясында толугу бойдон бардык кызматкерлер китеп жазуунун үстүндө отурушат. Китеп жазуу дагы илим албетте. Бирок бүгүнкү күндүн окуучусунун стандарты кандай? Мугалимдин стандарты кандай? Бүгүнкү дүйнөлүк тенденция кандай?

Азыр дүйнө китепти билим алуунун булагы деп эсептебей калган. Азыр бизде болсо китеп жазуу, ошону жеткирүү олуттуу проблемага айланып отурат. Мунун альтернативалуу жолдору бар. Ошон үчүн бул жерде бардык кызыкдар тараптарды, илимпоздорду, практиктерди, методисттерди, китеп түзүүчүлөрдүн бардыгынын башын кошуп туруп, ойлоно турган чоң маселе бар.

Эми илим демекчи, мен өзүм элдик педагогиканы иликтеп жүргөн кишимин. Ошол этнопедагогика илиминин көз карашында мындай деп айтылат: “Бул бала – падыша” деп коет. Падыша бул бийлиги колунда болуп, көрсөтмө берип, кызматчыларын иштете турган адам. Биз болсо, балага кызмат кылышыбыз керек. Тилекке каршы, биз баланы өзүбүздүн кызматчыбызга айландырып алганбыз. Ага ушул билимди берсе дагы болот, бербесе дагы болот деп.

Мына, 25 мектепте азыр сабак окутулат. Мунун бардыгы тең келки-келки. Бир саат үчүн мугалимдер өлүп берет. Ал эми азыр дүйнө интеграциялашып кеткен. Себеби бала бүгүнкү билимди китептен гана эмес, мугалимден гана эмес, толгон токой маалымат булактарынан алат. Ошон үчүн биз мындай өрүштүү баланын, өзү сурап турган балага керек болуп турган билимди берүүнүн ордуна, азыр биз ошол көчтүн аркасында бараткан сыяктуу, ошого бир китебибизди кармап алып туруп, ошол балага жеткире албай турабыз.

-Сабыр мырза, мына ушул сиз айткандай китеп жазылып жатканы менен бирок Кыргызстанда орто мектептерде окуу китептери жетишпегени, жаңы окуу китептердин маазмуну жагынан сапаты начар экендиги айтылууда. Мунун себеби эмнеде?

-Адегенде биз жаңы муундагы баланын өзүн аңдап түшүнөлүчү. Бүгүнкү күндүн баласы кандай? Сапаттуу китептер чыгышы үчүн адегенде баланы аңдап түшүнүп, баланын керектөөсү деген бар, билгичтиги деген бар. А биз болсо билим берүүнү гана актап алганбыз. Мисалы, белгилүү тексттерди жамап-кураштырып, балага берип ошол аркылуу үйрөтөбүз.

Баланын эмнеге биринчи кызыгуу, ынтызарлыгы бар, мына ошону аңдаш керек. Мисалы, азыр балага билим берүү максаты эмес, азыр баланы өнөрлүү кылуу максат болуп калды. Мына элдик педагогикада эмгек жана өнөр деген эки түшүнүк бар. Эмгек – бул өзү билим. Билим алуу эмгекти талап кылат. Ал эми азыр билүү эмес, илүү, илим керек болуп жатат. Бала ошол билген нерсесинин ичинен бир нерсени илип алышы керек болуп жатат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG