Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Атактуу окумуштуу, мударис Кусейин Карасаевдин байбичеси, 1928-жылы 13 жашында “Саябан араба” деген туңгуч тасмада башкы ролду ойногон, кыргыз тилин өнүктүрүүгө зор салым кошкон Айша Түмөнбаева 90дон ашып, жамбаш сөөгүн сындырып алып, ага оор операцияны медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков ийгиликтүү жасап, бутуна тургузду. Бул боюнча “Азаттык” үналгысы Сабырбек Жумабековду кепке тартты.

-Сабырбек мырза, Айша Түмөнбаевга жасалган операцияны адисттер абдан татаал операциянын бири болду деп баалашууда. Бул тууралуу өзүңүз толугураак айтып берсеңиз.

-Айша Түмөнбаева апанын кашка жиликтин башы сынып, ордунан турбай калган экен. Бул көрүнүш карып калгандардын арасында көп кездеше турган сыныктардын бири. Ал кашка жиликтин башы сынганда эч качан кайра ордуна келип бүтпөйт.

Муну дүйнөлүк стандарт боюнча алып туруп эле ордуна жасалма муундарын салыш керек. Биз ошондой операция жасап, апага жасалма муун салып бердик. Үч күндөн кийин бутуна тургузуп, бүгүнкү күндө үйүнө чыгарылып, кадимкидей эле өзү басып жүрөт. Апаны биз мындай бир жакшы жолго койдук. Бутуна тургуздук.

-Мына ушундай ишиңиздерге ырахмат. Сабырбек мырза, ушундай өзгөчө бир операциялар тууралуу айтып берсеңиз? Сиздин иш-аракетиңизде кандай бир жаңы ачылыштар болуп жатат?

-Биздин борбордо бүгүнкү күндө өтө татаал, ортопедия тармагында сейрек кездеше турган көп багыттарды жолдоп алдык. Ушул тармак боюнча иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө 20дан ашык коншу мамлекеттерден келген жарандарга операция жасап жатабыз. Айта кетсек, сөөктөрдүн ар кандай буралып, кыйшайып өсүп калышы, же болбосо тубаса болуп, ошондой сөөктөр менен төрөлүшү, муундардын, омурткалардын туура эмес өсүп калышы – мына ушул тармакта атайын бир багыт ачып, иштеп жатабыз. Иштерибиз жаман эмес.

Ошол ооруларды четинен айыктырып, операцияларды этап-этабы менен жасап, балдарды бутунан тургузуп жатабыз. Кечээ эле дагы бир балага жасадык, Казакстандын Балхаш аймагынан келген жигит экен. 17 жашка чейин эч качан баскан эмес. Мына бүгүнкү күндө төрт сигметин жасап, ал жигитти бутуна тургузганга биз мүмкүнчүлүк бердик. Мына ушундай багытта өзгөчө тубаса, ар кандай жаратылыштын кырсыгына учураган, сөөктөрү, муундары туура эмес өскөндөрдү калыбына келтирип жатабыз.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөт www.intermedserv.de интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG