Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

“Күн чак түштө чырак кармап басышат, Өлгөн башка мени көөмп жатышат” Юрий КУЗНЕЦОВ, орус акыны

“Кыргызстандын энерготармагын менчиктештирүү жөнүндө сөз 90-жылдын аягынан бери жүрүп келе жатат. Элдин маанайынан улам А.Акаев даап менчиктештирүүгө батыналбаган тармакты менчик колго берүү Курманбек Бакиевдин экономикалык жаңы саясатына айланды. Эми менчиктештирүү кандай жол менен жасалганы жатат? Мамлекеттин стратегиялык объектилери кимдин жеке ээлигине өтөт? Ошондо электр энергиясынын тарифи кандай болот? Коомчулукка азыр мунун бири да белгисиз” деп кабарлаган “Дело №” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айткандай менчиктештирүүнүн чындап келсе эки гана максаты болгонун жазат.

Бири - электр энергиясынан түшкөн пайда менен мамлекет казынасын толтуруу, экинчиси ошол тармактын ишмердүүлүгүн өркүндөтүп-өстүрүү болорун, бирок бүгүн дүйнө түшкүрүң башка өңүттөн баш көтөрүп, дүйнө эксперттери мындан ары ким энергия менен сууга кожоюндук кылса, дүйнөгө ошол кожоюн болорун айтып атышканын, ошентип энергия менен суу жагынан кудай берген Кыргызстандын суу-энергетикалык ресурсу бүгүн экономикалык эле эмес мамлекеттер аралык мамилелерде тышка саясый элементке да айланганын, бул тармактын мааниси улам тереңдеп, кадыр-баркы улам асмандап баратканын, энергетика маселеси бүгүн 1-орунга чыкканын, энергиясы менен суусу бар өлкөнү келечекте бактылуу тагдыр күтүп турса кыргыз өкмөтү жанталашып кимдир бирөөгө сатып жибергенге катуу шашып жатканын жазып чыкты.

Ушул эле гезит энергетика менчик колго өтөрү менен сөзсүз аны төлөө акысы да көбөйөрүн, бирок ошол биз төлөгөн акчанын баары кыргыз экономикасынын чөнтөгүнө эмес, чет өлкөлүк менчик ээсинин чөнтөгүнө барып түшөрүн, анан кожоюнга жылаңач шам менен олтурган жаңы конуштун светин тарткандын ордуна үстөлүндө олтуруп алып светти Казакстанга сатып пайда көргөн алда канча пайдалуу болорун баяндап, “Кыргызстандын эли өз өлкөсүнүн стратегиялык объектиси болгон энерготармактын ким деген кишилердин колуна түшкөнү жатканын ачык билиши керек. Тилекке каршы бүтүндөй Кыргызстандын жарыгын өзү жалгыз сатып алып, кааласа жандырып, каалабаса өчүруп турганы калган кожоюн ким экенин кыргыз өкмөтү кашайып айтпай жатат” деп жазды.

Баса, буга дейре элге кызмат көрсөтүүчү тармактын булагы болуп келген электрэнергиясы эми товарга айланды. Депутат Ю.Даниловдун билдиргени боюнча мурда свет уурдагандарга акчалай гана айып салынып келсе, жаңы мыйзамга ылайык мындан ары үй мүлкү конфискациялануу менен 5 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесилип кетет. Бирок “Ак Жолдун” депутаты, жылуулуук-энергетика комплекси боюнча парламент комитетинин төрагасы Ю.Данилов мырза жакында эле КТР аркылуу сүйлөгөн сөзүндө азыр свет уурдагандардын дээрлик басымдуу бөлүгүн Улуу Кытай сепилиндей бийик дубал менен курчалган хан сарайларда жашагандар түзөрүн, алардын бирди-жарымы кармалары менен эле Акүйдөн, прокуратурадан, андан-мындан ызвандап, телефон аркылуу тилиңди тишиңе “тыгып” коюшарын, мындай ууруларга бир нерсе кылганга Кудайдын да, мыйзамдын да кудурети жетпей жаткандыгын ачык айтканын “Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетели.

“Ички миграция Бишкекети туңгуюкка кептеди”, “Жер басып алып ал жерге каалаганын курмай Бишкекте көндүм адатка айланды” деген рубрикалардын алдында макалалар топтомун жарыялаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити Маршалл Маклюэндин “Биз күзгүдөн бүгүнкү күндүн көзүн эмес көчүгүн көрүп жатабыз. Биз келечекке көзүбүз менен эмес көчүгүбүз менен кирип баратабыз” деген учкул сөзүн келтирип, Бишкектин тегерегинен жер алуу процесси 90-жылдары социалдык мүнөзгө ээ болуп келсе, 2000-жылдан тартып коммерциялык жолойго түшкөнүн, мына ушундан баштап аны айрым адамдар акча табуунун кыныгына айлантканын, буга убагында маани бербей келген бийлик бүгүн бир несе болсо эле жарыла турган бомбанын үстү менен басып жүргөнүн баяндады.

Ушул эле гезит 2005-жылы Бишкекте жаңы конуштардын саны 25 болсо, март ыңкылабынан кийин ага дагы 19у кошулганын, ошентип борбордун инфраструктурасын өнүктүрөбүз деген ой жүзөгө ашкыс болуп биротоло “бүткөнүн”, бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк банк жаңы конуштардын абалын жакшыртуу максатында Бишкек шаарына 10, Ош шаарына 5 миллион доллар, мамлекет өзү 500 миллион сом бөлгөнүн жазып чыкты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG