Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

13:00 А.Жекшенкулов: Орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү “абдан чоң белги”


Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин кечээки билдирүүсү боюнча бүгүн “Азаттыкка” өз оюн билдирди. А.Жекшенкуловдун айтымында, орус тарап 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү боюнча маселенин көтөрүлүп жатканын кыргыз-орус мамилелерин “суутуп салышы ыктымал” дегени – “өтө чоң белги” жана Канттагы орус базасынын аскери менен байланышкан акыркы окуяны эске алганда, чындап эле кыргыз-орус мамилелери өзгөчө мамилени талап кылып жаткандай. Мурдагы Тышкы иштер министри “азыр атайылап орус-кыргыз мамилелерин сырттан башка үчүнчү күчтөр суутканга аракет кылып жатышат” деп айтты. Анын ишениминде, кечээки билдирүүгө Кыргызстандын Тышкы иштер министри тезинен өз позициясын ачык жарыялашы керек. “Кыргызстан эми артка кылчайып эле жашай бербей, мамилелерди туура нукта түзүүгө кириши керек. Мурдагы окуяларды тарых катары билип, эскерген жакшы. Бирок алар биздин бүгүнкү турмушка мааниси жогору мамлекеттер менен мамилелерибизге терс таасирин тийгизбеши керек”, дейт А.Жекшенкулов. Кечээ Орусиянын Тышкы иштер министрине шилтеме берип, Орусиядагы бир топ маалымат агенттиктери “Кыргызстанда 1916-жылдагы окуялардын курмандыктарын эсерүү күнүн расмий түрдө белгилөө боюнча көтөрүлүп жаткан демилге эки тараптуу кызматташтыкты суутуп салышы ыктымал” экенин жазып чыгышкан. (TD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG