Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

13:20 Б.Абдрасаков: Октябрь революциясынын башаты – 1916-жылдагы Үркүн


Кыргызстанда 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун автору, депутат Б.Абдрасаков орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү тууралуу бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Эгерде кыргыз ыңкылабынын башаты Аксы окуялары болгон болсо, 1917-жылдагы Октябрь революциясынын башаты дал ушул Үркүн болгон, - деп айтты. -Бул үчүн Орусия кыргыздарга нааразылыгын эмес, ыраазычылыгын билдириши керек эле”. Депутаттын айтымында, Кыргызстан Үркүндүн курмандыктарын эскерүүнү мамлекеттик деңгээлге көтөрүү менен Орусиядан компенсация же кечирим суроо өңдүү талаптарды көтөргүсү келбейт, “бул ошол окуяларда падышалык режимге каршы чыгып, бейкүнөө кырылган адамдардын алдында парзыбызды аткаруу эле”, деди Б.Абдрасаков. Өткөн жумада Жогорку Кеңеш депутат Бейшебек Абдрасаковдун демилгеси менен аталган маселе боюнча токтом долбоорун карап, жактырган. Эми ага президент кол койсо, токтом долбоору күчүнө кирет да 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү жыл сайын августтун биринчи жумалыгында өтүп турмакчы. Кечээ Орусиянын тышкы иштер министрине шилтеме берип, Орусиядагы бир топ маалымат агенттиктери “Кыргызстанда 1916-жылдагы окуялардын курмандыктарын эсерүү күнүн расмий түрдө белгилөө боюнча көтөрүлүп жаткан демилге эки тараптуу кызматташтыкты суутуп салышы ыктымал” экенин жазып чыгышкан. (TD)

XS
SM
MD
LG