Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 06:53

18:28 Ысыккөлдө бруцеллез менен ооругандардын саны эки эсеге өстү


Облустун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Жаңыл Акунова бруцеллез дартына чалдыккан 520 адамдын андан аркы саламаттыгына көңүл бөлүүнү белгиледи. Анткени бруцеллез малдан жукчу оору болгондуктан, ага мамлекеттен атайын каражат бөлүнбөйт экен. Ошондуктан ветеринардык кызматты жакшыртпаса көлдүктөр үчүн бруцеллездун эки эсе өскөнү өтө коркунучтуу экени чечмеленди. Бул көрсөткүч өзгөчө Жетиөгүз районунда жогору экен. Облус губернатору Кыдыкбек Исаев аталган райондун ветеринардык тармагына 220 миң сом бөлгөнү менен адистери малдын ылаңын азайткан жок деген кине менен ветеринардык жана социалдык жактан коргоо жетекчилерин кызматтан алды. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG