Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

19:23 Жалалабат облустук кеңешмеде терроризм, экстремизм жана миграция маселеси талкууланды


Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов менен дин иштери боюнча агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев катышкан жыйында диний экстремизм күчөгөнү белгиленди. “Хизб-ут-тахрир” партиясы социалдык кемчиликтер аркылуу бийликти сынга алып, референдум жана шайлоолорго каршы чыгышкан. Кыздарды хиджап кийүүгө, балдарды жума күнү окууга барбоого үндөп, дин аркылуу бийликке жетүүнү көздөөдө. Үй-бүлө, айыл мүчөлөрүн катарына тартуу менен алардын саны 15 миңге жакындап калды. Бул тууралуу жыйында Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башчысы Равшан Балтабаев билдирди. Ички иштер башкармасы биринчи кварталда диний экстремизмге байланыштуу 19 кылмыш ишин козгогон. Хизбутчулардын өкүлү болсо партия бийликке эмес, анын жүргүзгөн идеологиясына каршы экендигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG