Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ОН ЭКИНЧИ ЖОЛДОМО АЛЫНДЫ


Бүгүн 24-апрелде Бангкокто фехтование боюнча Азиянын чемпионатынын таймашуулары башталат. Бангкоктон кыргызстандык спорт күйөрмандарынын сүйүнткөн кабар келди. Мында Азия чемпионатына чейин Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/2E0E2713-1892-4D65-B528-0CF0CBA318C8.asp олимпиадасына жолдомо берилүүчү эл аралык мелдеш болуп, шпага боюнча Кыргызстандын намысын коргогон Сергей Кочурин баш байгени утуп, алтын медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык Сергей Кочуринди фехтование боюнча Азия чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Азия чемпиону болгону үчүн Бээжин олимипадасына жолдомо ыйгарылды, деп туура эмес кабар таратты. Спорт күйөрмандарына түшүнүктүү болуу үчүн аныгын тактап айтып берели. Бангкокто фехтование боюнча Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары бүгүн 24-апрелде башталат.

Буга чейин Азия чемпионатынын алдында Бангкокто жеңүүчүлөргө гана Бээжин олимпиадасына жолдомо бере турган эл аралык мелдеш болду. Санкт-Петербургдагы спорт клубунда машыккан жердиги кыргызстандык Сергей Кочурин ушул эл аралык мелдеште баш байгени утуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Бээжинге жолдомо алган Сергей Кочурин отуз төрт жашта:

- Сергей Кочурин - эл аралык даражадагы спорт чебери. Мындан сырткары дагы фехтованиеден үмүт жандырган кыз-келиндер бар. Алардын бири Юлия Яйцевская мыктылардын сабына кошулуп, балким бүгүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал,- дейт Касымкул Оболбеков.

Эгемендүү болгондон бери кыргызстандык спортчулар үч жайкы олимпиадалык оюндарга катышкан болсо, мурда алардын катарында бир дагы фехтование боюнча спортчу болгон эмес. Мурда кеңеш доорунда кыргызстандык Александр Абушахметов менен Леонид Дунаеев 1980-жылкы Москва олимпиадасында фехтованиеден командалык эсепте коло байгенин ээси болушкан.



Өлкөнүн фехтования федерациясынын вице-президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Каныбек Төлөгөновдун айтымында, фехтование спортуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбайт:

- Бир спортчунун кийими, шпага, сабля жана жабдуулары эле миң долларга чукул каражатты талап кылат. Мыкты машыктыруучулар айлыгы аздыгынан, жашоо-шарты начардыгынан айласыз базарга соодага чыгып, спортту таштап кетишти. Бул спорттун түйшүгүнө чыдаган гана адам ийгиликке жетет. Массалык спорт болбой, саналуу гана жаштар машыгып калды. Өкмөттүк деңгээлде фехтованиеге көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.

Учурда кыргызстандык 12 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Алардын аты, жөнүн спорт күйөрмандары үчүн учкай айта кетели.
Кыргызстандык балбандардан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан.

Кыргызстандык суучулдар Азия чемпиону Юрий Захаров жана имарат ичиндеги 2-Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Василий Данилов экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, учурда даярдык көрүп жатышат.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккер былтыр жана быйыл да Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, эл аралык велоспорт федерациясынын чечимине ылайык Бээжинге жолдомосу чечилген турат.

14-Азия оюндарында чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону бийиктикке секирүүчү Татьяна Ефименко менен эл аралык марафондук жарыштын жеңүүчүсү кыргызстандык жөө күлүк Юлия Архипова да Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алышкан.

Ошондой эле кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураим Вьетнамда өткөн эл аралык мелдеште мөрөй алуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга жетишкен.

Канттык эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев Астанада өткөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кубогунда байгелүү болуу менен Бээжин олимипадасына жолу ачылган.

Кыргызстандык мергендерден жаш болсо да үмүт жандырганы мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов. Ал да дүйнөлүк ок атуу федерациясынын чечими менен келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш мерген катары Бээжин олимпиадасынын жолдомосунун ээси болгон.

Эми Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, жеңил жана оор атлетикадан, спорттун азыркы беш түрүнөн, дзюдо жана башка спорт түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап көрүшмөкчү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG