Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Бүгүн Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Москва менен Тбилиси ортосундагы кризис талкууланмакчы


Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакрадзенин айтымында, ал чукул жыйында Россияны обочодо калтырууга аракеттенмекчи.Тбилиси жекшембиде Абхазиянын аймагы үстүнөн учуп бараткан грузиндердин пилотсуз учагын орустар атып түшүрүштү деп айыптоодо. Москва болсо учак абхаз козголоңчулары тарабынан атылган деп, Грузия ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимди бузду деп ырастоодо. Ассошейтед пресске берген интервьюсунда Бакрадзе Россиянын сепаратисттик Абхазия жана Түштүк Осетия менен жакын алака түзүү пландары Вашингтон тарабынан кескин айыпталышы керек деп эсептээрин билдирди.
Бүгүн министр АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Стефен Хадлей менен жолугушат деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG