Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

КАРКЫРАНЫН КАНЧА ЖЕРИ КАЗАКТАРГА КЕТТИ?


Ысыккөлдөгү төрт пансионат менен Каркыра --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/7AC2EEDD-710F-4F20-A5D2-264A6B818747.asp жайлоосунун 620 гектар жерин казак тарапка берүү шарттары боюнча губернатор Кыдыкбек Исаев облус активине түшүндүрүп, 26-апрелде баштала турган оппозициянын жөө жүрүшүнө кошулбоого чакырды. Ал эми Коомдук парламент бийлик мындай жыйындарды карапайым элге өткөрсө болмок, жөө жүрүштүн максаты дагы ушундай ажырымды бириктирүү деген пикирин билдирип жатышат.

Каркыра жайлоосунун кайсы жагы, кайсы төрт эс алуу жайынын казак тарапка чечилгенин, эл андан эмне пайда көрөт деген суроолор Ысыккөлдөгү карапайым элдин арасында көбөйдү. Көпчүлүк талдоочулар менен айрым күч органдары ушул суроого жеткиликтүү маалымат берилбегендиктен эл 26-апрелде боло турган Ысыккөлдү коргоо кыймылынын жөө жүрүшүнө кошулуп кетиши мүмкүн деп тынчсызданууда.

Бирок ага негиз жок деген облустун губернатору Кыдыкбек Исаев көл жээктеги “Олимп”, “Саамал”, “Казакстан университети” жана “Казакстан санаториялары” деген эс алуу жайлар убагында Кыргызстанга дароо өтүп кеткенде эмгиче арзан баада сатып жоготуп коймок, эми казак тарапка бир эле пансионатты ижарага берсек, бир айыл өкмөт 49 жылда 1 млрд. сомдон ашык пайда табат экен деди:

- Бир пансионаттын ижарасы минималдуу 5 миллион эмес, андан да көбүрөөк болот деп ойлоп атабыз. 50 жылдын ичинде бир миллиард сомго чейин түшөт. Жыл бою 80 пайыз Бозтеринин, Чолпонатанын, Комсомолдун эли иштешет. Буга биз макул болушубуз керек. Эмне аны чөнтөккө салып алып кетип калышмак беле? Жумурткадан кыр чыгарган туура эмес. Урматтуу айыл өкмөттөр, мектеп директорлору эмне мамлекетте жылыш жок болуп атабы? - деди ижарадан эле төрт пансионат 4 миллиарддан ашык каражат табаарын чечмелеген Кыдыкбек Исаев.

Ал эми ички иштер башкармасынын начальниги Эркинбек Эсеналиев Каркыра жайлоосундагы 620 гектарды казак тарапка алмашпаганда түштүктөгү өзбектер менен болгон чегара маселесине биз да кириптер болмокпуз, аны саясатчылар эле тескери жайылтып атат деп буларды айтты:

- Ал кишилер өзүлөрү Сох менен Шахимардандын тарыхын, ал кимге анклав, кимге тоскоолдук кылып атат ошону билеби-билбейби? Билбей туруп кыргыз элинин барынын башын айланып атышат. Сох менен Шахимардан бизге анклав, биздин аймакта, биз аны курчап турабыз. Биз кандай шартты айтсак ошону аткарып турат. Эгерде биз 1050 гектарды берип койсок, биз ошондой акыбалда калабыз, биздин жолду кесип салат экен ошондо. Түшүнбөгөн, укпаган элде Каркыранын баары берилип калды деген түшүнүк болуп атат, - деди Эркинбек Эсеналиев.

Ал эми губернатор Кыдыкбек Исаев Каркыра жайлоосунун жакында эле белгиленген жаңы чеги боюнча Кыргызстанга 20 чакырым жер кошулганын чечмелеп, бул маселени Жогорку Кеңеш туура эмес ратификация кылганын айтып чыккан Коомдук парламент мүчөлөрүн катуу сынга алды:

- "Защита священной земли" деп аткандар ким экен карап көргүлөчү. Эмил Саламатович губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп жүргөндө Чолпоната-Алматы деген жол салбадык беле. 500 млн. сом тиги жака кетти, ошол акчага 50 мектеп бүтүрүп койсок эмне үчүн болмок эмес, - деди мектеп директорлор, айыл өкмөттөргө жана акимдерге 26-апрелдеги оппозиция жүрүшүнө элди чыгарбагыла деп катуу эскерткен губернатор Кыдыкбек Исаев.

Бирок бийлик карапайым элдин пикири менен эсептешпей атат деген “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев 17-апрелдеги Караколдо чогулган элге Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров, “акжолчу” депутаттар жана губернатор Кыдыкбек Исаев да басып келбей койгонун белгилеп, буларды айтты:

- Жүрүш кылуу, же көчөгө чыгуу бул элдин дагы, биздин дагы максат эмес. Биздин максат бийликтегилер ушундай кыянаттыкка бардыбы, же башка себеп менен чечтиби, же саттыбы, жер боюнча чечимин эмненин негизинде кабыл алганын элге келип түшүндүрүп, далилдеп бергиле деп атабыз.

“Асаба” партиясынын Ысыккөлдөгү жетекчиси Канамет Жакыпбектегин көлдүктөрдүн жөө жүрүшү 29-апрелде болот деп 19-апрелде эле “Асаба” партиясынын курултайында бекигенин белгиледи. Бирок ага “Акыйкат үчүн” кыймылы, “Эркиндик” жана башка көптөгөн партиялар кошулгандыктан 26-апрелде баштала турганын жана даярдык жүрүп атканын төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

- «Асаба», «Ата Мекен» жана башка партиялардын өкүлдөрү баары барабыз деп атышат. Андан тышкары жөн кишилер, аксакалдар, жаштардан барабыз дегендер да бар.

Караколдон Каркырага, андан Балыкчы шаарында боло турган жөө жүрүшкө карата күч органдары катуу көзөмөлдө болот деген маалыматтан улам облустук ички иштер башкармасына кайрылдык:

- Жүрүш болот десе, алар өзүлөрү жооп берсин. Биздин ага эч тиешебиз жок, - деди бул маселе боюнча Ысыккөл облусунун ички иштер башкармасынын начальниги Эркинбек Эсеналиев.

XS
SM
MD
LG