Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

07:10 Коалициянын БШКга каршы доо арызы каралат


“Жарандык коом жана демократия үчүн” Коалициясынын БШКны сотко берген арызы бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралат. Коалициянын доо арызы менен БШКнын юристи тааныш болбогондуткан арызды кароону сот 22-апрелден бүгүнкү күнгө жылдырган. Коалиция БШКны парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялаган жок деп сотко берген. Декабрда өткөн чукул парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча маалыматты район боюнча берүүнү суранып Коалиция БШКга кайрылган. Бирок БШК жоопту мыйзамда каралган мөөнөттө 2 жуманын ичинде эмес,3 жумадан кийин берген.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG