Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки билдирди. 23-апрелде МАГАТЭ Иран агенттик менен кызматташууну жандантып, өзөктүк курал жасоо ниети жоктугун далилдеген бардык матерриалдарды берүүгө макул болгонун билдирген. Агенттиктин башчысы Мухамед ал-Барадейдин айтымында, материалдар май айында берилип калышы ыктымал.