Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, 25-апрелде өкмөт үйүндө республиканын сотторунун курултайы болуп, ага президент Курманбек Бакиев катышат. Депутаттар да ал иш чарага чакырылган. Соттордун 6чу курултайында сот системасын реформалоо маселеси көтөрүлөөрү кабарланган.28-апрелде “Ак кеме” мейманканасында соттук-укуктук реформа боюнча парламенттик угуулар өткөрүлөт. Анда сот системасына байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууланат.(AiT)