Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

ДИН КООПСУЗДУГУ ӨТӨ АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Учурда түштүк аймагында терроризм, экстремизм маселеси боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Дин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/04/7517D2CD-EF0D-4025-AFE0-87FBABC44B10.asp иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев жооп берди.

-Каныбек мырза, кечээ Жалалабат облустук кеңешмесинде “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын иш-аракети сынга алыныптыр. Дегеле бүгүнкү күндө түштүк аймагында диний экстремизм канчалык кооптонууну жаратууда?

-Бул абдан актуалдуу жана талкуулануучу маселе болуп жатканы бардыгыбызга эле белгилүү. Ошондуктан кечээ коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов баштаган укук коргоо органдарынын түштүк аймагындагы жооптуу кызматкерлери жана биз, Дин агенттиги болуп кечээ Жалалабат облусунун администрация коллегиясына катыштык. Коллегияда атайын маселе коюлган экен. Анда ушул Жалалабат облусундагы дин коопсуздугу, дин маселеси жана диндин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча маселе козголду.

Мында негизинен губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбановдун ушул актуалдуу маселеге арналган чоң доклады болду. Андан кийин биздин сөзүбүз жана башка укук коргоо органдарынын башчыларынын сөздөрүндө кийинки учурларда ушундай бир топ күчөп бара жаткан “Хизб-ут-Тахрир” маселеси боюнча ачык сөздөр айтылып, алар менен иштөө, алардын тегерегинде иш-чараларды жургүзүү боюнча бир топ актуалдуу деп эсептелинген чечимдер кабыл алынды.

-Каныбек мырза, диний экстремизмге каршы, дегеле диний маселелер жаатында ушул айыл арасында алдын алуу маселелери агенттик тарабынан, жүргүзүлүп жатабы?

-Ооба, жүргүзүлүп жатат. Мен январдын аягында, февралдын башында ушул агенттикке директор болуп келдим. 21-январдагы өкмөттүн атайын токтому чыккан, ошол токтомго ылайык, бардык республиканын аймактарында диний экстремизмге, терроризмге каршы күрөш боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыккан болчу. Ал иш-чаралардын эң чоң жаңылыгы негизинен биздин бир эле Дин агенттигинин милдети эмес, бул ушул жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, анан калса ошол жергиликтүү тургундардын дагы жарандык милдеттери экендиги катуу белгиленген. Ошол боюнча кечээ Жалалабатта айтылды. Бүгүн буюрса саат 10до Ошто облустук аймактык жооптуу кызматкерлер менен ушундай иштерди алып баруу маселеси талкууланат.

-Бул маселе Баткен облусунда дагы көтөрүлөбү?

-Баткен облусунда дагы болот. Өткөн жумада, 10 күн мурун коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов Баткен облусуна барып, чегара маселеси боюнча бир топ жыйын өткөрүп келген экен. Ошол маселелер дагы көтөрүлгөн. Биз буюрса майдын аягында атайын Баткен облусуна дагы ушундай иш сапары менен барып, жер-жерлерде ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келмекчибиз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG