Бул тууралуу Кытай элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жибергенин бүгүн “Азаттыкка” министрликтин басма сөз катчысы Айнура Эшеналиева билдирди. Кытай элчилигинин консулдук кызматы эми Кыргызстандын жарандарына виза даярдоо үчүн 1994-жылы чыккан үлгүдөгү паспортторду жана техникалык жактан жараксыз деп эсептелген паспортторду кабыл албайт. Муну консулдук кызмат визаларды жасоочу техникалык системанын жаңыртылып жатышы менен түшүндүргөн. (TD)