Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

“КАВКАЗ ПЛАНЫ” ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫНЫН ЧЫНДЫГЫ


Амирбек Усманов, Прага Шейшемби күнү Россиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/D9F63CB6-9040-4CA4-9E0A-ED3D393EB8D7.asp өкмөттүк “1-каналы” “Кавказ планы“ деп аталган даректүү тасманы көрсөттү. Кеңеш заманындагы үгүт-нассаат стилинде тартылган тасмага караганда, 1990-жылдардын башындагы Чеченстандын күнкорсуздугу үчүн болгон согушту Батыш уюштурган экен. «1 каналдын» кабарчысы Антон Вереницкий даярдаган бул тасма акыркы жылдары көрсөтүлгөн пропагандалык фильмдердин бири. Сентябрда АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы Россияда да саргылтым ыңкылап уюштурууну каалайт деп тастыктаган «Баркыт.ру» деген тасма көрсөтүлгөн.

Бул тасманын баш карманы - Түркияда туулган Берхан Яшар аттуу чечендин айтымында, ал 1960-жылдардын башында АКШнын Мамдепартаменти менен келишим түзүп, кыска мөөнөт “Азаттык” радиосунун Мюнхендеги башкеңсесинде «чечен тилиндеги пропагандалык» берүүлөрдү даярдаган. Бул маалымат тастыкталбады.

Аталган тасмага ишенсек, 1990-жылдардын башындагы чечендердин күнкорсуздук үчүн күрөшүн Россияны бүлүнтүүнү көздөгөн Батыш уюштурган. Францияда күнкорсуз Чеченстан үчүн паспорт, Германияда улуттук акча жасалган. Бул иштин артында АКШ турган.

Мындай пикирге Чеченстандын мурдакы вице-президенти Саид-Хасан Абумуслимов карамандай макул эмес:

-Орустар дайым эле чечендердин күрөшү тышкы күчтөр түрткүлөп жатып чыкты деп айтып жүрөт. Алар дайыма эле чечендер орустар менен тынчтыкта жашоону каалаган, бирок оболу Түркия, анан Англия, азыр Америка Кавказды тополоңго түртүүдө деп айтышат. Мен бул сыяктуу куру сөздү талкуулагым келбейт.

Илимпоз-тарыхчы Саид- Хасан Абумуслимов азыр Германияда жашайт.

Беркан Яшардын “Кавказ планы” тасмасында айтышынча, Батыш 1990- жылдардын башында Кавказды жик-жикке бөлүү планын ишке ашырууда анын Түркиянын бийликтери менен болгон байланышын пайдаланган. Атап айтканда, Яшар чечендерге бриллиант, курал-жарак менен аткезчилик кылууга жардамдашкан; америкалыктардын жардамы менен Грозныйдын базарын жалгама долларга толтурган.

Чечен жикчилеринин Түркиядагы өкүлү Медет Онлунун «Азаттыктын» Түндүк Кавказ кызматына айтышынча, Яшар бир кезде Чеченстандын күнкорсуздугун жан дили менен колдогон адам болгон:

-1991-жылы Жохар Дудаев эгемендик жарыялаганда, Берхан Яшар биздин эркиндикти колдогон түркиялыктардын арасында жүрчү. Яшар өзүнүн Түркияга келген чечендерди жана Чечен жетекчилигин колдогонун ар бир адамдын билүүсү үчүн жан талашып аракеттенчү.

Бирок «Кавказ планы» тасмасына караганда Яшардын орустар менен жакындашуусу текке кетпеген экен, деп кошумчалайт Медет Онлу.

XS
SM
MD
LG