Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

ОРУСИЯНЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИ Б.ЕЛЬЦИНДИН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНЫНА 1 ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Москвадагы Новодевичье атындагы көрүстөндө шаршемби күнү Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцинге --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/04/052B2B6A-6141-420C-97D7-8501A263D9A3.asp эстелик ачуу каадасы болду. Екатеринбург шаарында биринчи президенттин эстелигине арналып бир көчөгө жана Ельцин билим алган Уралдык мамлекеттик техникалык университетине анын ысмы ыйгарылды. Үстүдөгү жылдын этегинде Санкт-Петербург шаарында президент Ельцин атындагы китепкана да ачлмакчы. Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин былтыр 23-апрелде дүйнөдөн кайткан.

Орусиянын биринчи президенти дүйнөдөн кайткан 23-апрель күндү утурлап Москвада Ельциндин сөөгү коюлган көрүстөндө эстелик ачуу кадасы өткөрүлдү.

Өмүр бою партиялык жетекчиликте жүргөн Ельцин 1991-жылы 12-июнда Орусиянын биринчи президенти болуп шайланган. Ошол эле жылы декабрь айында Беловеждик келишимге кол коюп, мурдагы Советтер союзун түзгөн республикаларга эгемендүүлүк берүүдө салым кошкон. 1999-жылы 31-декабрда ээлеп олтурган ордун өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда бошотуп берген.

“Московский Комсомолец” гезитинин жазганына караганда, Екатеринбургда биринчи президенттин аты коюлган көчө узундугу 500 метр келип, ал көчөдө киши жашабайт. Санкт-Петербургда ачылат деп былтыр президент Путин убада кылган китепекана дайынсыз. "Ал эми Уралдык мамлекеттик техникалык университеттин Ельциндин аты менен аталышы да ушул күндөрү Кремлде чечилмекчи" деп жазат гезит.

Ошол эле учурда Кремл каалап турса, кандай гана көчө болбосун атын өзгөртүп сала алат. Маселен, Маскөөдө мурда таанымал көчөлөрдүн бирин Ахмад Кадыровдун ысмы менен атап салды. Ельциндин ысмы менен Маскөөдө көчө же аянт атоо бийликтин оюна да келе элек деп жазат “Московский Комсомолец” гезити.

Байкоочулардын баамында ошол кезде Ельциндин өлкөдөгү субъекттерге карата айткан: «Суверендүүлүктү канча кааласаңар ошончо алгыла!» деген чакырыгы айрыкча Татарстан менен Чеченстанга дем берген. Мунун чындыкка чукул жагы бар экенин Татарстан жумуриятынын Маскөөдөгү ыйгарым өкүлү жетекчилеринин бири Рафис Измайлов айтат:

-Ооба, Татарстан ал сунушталган эгемендүүлүктөн каалаганынча ала алды жана аны пайдалана алды. Эгерде Орусия менен Татарстандын ортосундагы келишим түзүлбөгөндө балким Татарстан ичиндеги жагдай Чеченстандагыдай багыт алмак. Ошондуктан ал келишим Орусиянын бир бүтүдүгүн жана Татарстандын тынчтыгын сактап калды.

Биринчи президент кызматынан кеткенге он жыл толо элек жатса да өлкөнүн саясий маанайы башка багытка өткөнүн, болгондо да, Ельцин жүргүзө баштаган кайра жаралуудан четтей баштаганын айтышууда.

Ал эми Борис Ельцин атындагы кордун жетекчиси Александр Дроздов буларды айтат:

-Ельцин жана анын командасы берген сөз эркиндиги болбогондо ал кезде Орусия башынан өткөргөн оорчулукту азыркы туштагы саясатчылар Борис Николаевичке түртө салыша алмак эмес.

А.Дроздов биринчи президенттин көзү тирүү болгондо азыркы туштагы «Бирдиктүү Орусия» менен шайлоого бармак эмес деп кошумчалайт.

Ельцинге эстелик ачуу каадасына чет элдик коноктордун бири болуп Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев да катышты.
XS
SM
MD
LG