Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

АЛАМАНОВ МЕНЕН БАКИЕВ ТУРГАНДА АНКЛАВДАР ЧЕЧИЛБЕЙБИ?


“Де-факто” гезити аркылуу Курманжан датка атындагы фонддун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын ИИМ министри М.Конгантиев менен баш прокурору Э. Сатыбалдиевге кайрылган Ачык каты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин “Шайлоону күтүп олтурбай, саясатка таасир этишибиз керек” деген интервьюсу, белгилүү саясатчы А.Бекназаровдун кыргыз чегара маселесине арналган макаласы жарык көрдү.

Макаласында ал Кытайга өтүп кеткен Үзөңгүкууш жөнүндө, анын кантип кеткени, кимдер кол койгону тууралуу далилдерди ачыкка чыгарган. Бекназаров мырза кыргыз-өзбек чегарасына токтолуп, “Мына ушул боюнча өкмөттүк комиссияны С.Аламанов башкарып турганда Аксы районундагы 500 гектар жер, Торук айлындагы 22 үйбүлө, Карасуу районундагы Барак анклавы, Кызылкыя менен Кадамжайдын ортосундагы Жабагы, Кара-Жаңгак ж.б. айылдар, Шахемардан, Сох өңдүү кыргыз жерлери Өзбекстандын карамагында кала берерине бөркүңөрдөй ишене бергиле” дейт.



Ошол кездеги премьер-министр К.Бакиевдин Өзбекстандын премьер-министри У.Султанов менен Сох анклавы боюнча кандайча кол койгондору Бакиевди бүгүн 200 пайыз колдоп аткан баткендик туугандардын эстеринен чыга элек болуш керектигин, Бакиев менен Аламанов аман турганда өзбек-кыргыз чегарасы эч качан чечилбестигин, өзбектер ал түгүл Кыргызстанга тиешелүү тоолордун беттерине “Сух” деп чоң кылып жаздырып салышканын, ал эми биздин бийлик “эй, бул деген менин жерим, бул деген менин тоом” деп талашкандын ордуна айлампа жолдорду салуу менен алектенип келатканын жазат.

Ушул эле гезитте ошол эле убакта бир жагынан кыргыз үйлөрүн тажиктер массалык түрдө сатып алып жатканын баяндаган А.Бекназаров мындай деди: “ ... өз Мекенин таштай качкан Акаевдин ишин улантып жаткан Бакиевди деле Акаевдин тагдыры күтүп жаткандыр. Анткени жерин саткандар, элин саткандар кайсы гана доордо болбосун, качан болбосун элдин каргышына калып, ушундай тагдырга туш болушкан. Биз өз өлкөлөрүнүн башында турган Цзян Цземинди, Н.Назарбаевди, И.Каримовду, И.Рахмонду айыптай албайбыз, антүүгө укугубуз да жок. Алар өз элинин чыныгы уулдары катары өз мамлекетинин жерин кеңейтип, элин көбөйтүп жатат. Ал эми Акаев, Бакиевге окшоп өз жерин кемитип, өз элин тентитип жаткан мамлекет башчысын эмне дейбиз, айткылачы?” деп суроо койду. Азимбек мырза ушул эле суроо менен бир кездеги өз достору Т.Акунга, И.Исаковго, А.Мадумаровго, Б.Асановго, Б.Акуновго, Н.Байлого, Р.Отунбаевага, Д.Нур уулуна да кайрылды.

Каркыранын казактарга кеткенине жаны кашайган “Жаңырык апта” гезити “Жөө жүрүштөр “дөө” жүрүшкө айланабы?” деген макала жарыялап, бүрсүгүнү баштала турган Ысыккөлдөгү жөө жүрүштү ушу тапта Жалалабат, Нарын, Чүй, Талас эли колдой турганын билдирип атышканын, кыскасы кыргыздын башына мүшкүл түшүп, калктын жаны ачып, акыйкаттык менен адилеттикке суусап турганын, элдин жүгүн көтөргөнгө келгенде такыр эле баспаган ажонун эшеги менчиктештирүүгө келгенде желип-жортуп жөнөөрүн, анын бөйрөгү да оорубасын, өзүн эле эмес инилерин да көтөрүп чуркарын, бирок эшек туягынан алысты көралбайт деген кепти бийлик билерманы түшүнөөр бекен, түшүнбөйт го деп жазды.



“Адегенде “Кум-Төрдү” сатышты. Болгондо да өлкөнүн казынасына эмес ошол саткан команданын оюнчулары менен сатып алган меймандарга төлөп туруш үчүн сатышты. Анан менчиктештирип тынышты. Эми энерготармак менен калган объектилерди менчиктештиргени жатышат. Жергиликтүү ишкер жигит айтып атпайбы, Оштогу кайсы бир заводумду кыргызстандыкка сатайын десем сатып алганга акчасы жогунан түрктөгө саттым деп. Дал ошол сыяктуу эле энергетикабыз менен электрстанцияларыбызды да башкалар сатып алат. Ал эми Малазия өлкөсүндө башкасын кой суусун да менчиктештирүүгө өз жарандары гана укуктуу. Тилекке каршы Кыргызстан Малазия эмес. Биздин эл бийлегендер эчкимден коркпойт, эч нерседен уялбайт. Уяла тургандай да эчтекеси жок калды. Ал эми малазиялыктар колония болуп турганда өз элинин кантип эзилип, кантип тебеленип-тепселгенин жакшы билишет. Ошондуктан Малазия бийлигинин жападан жалгыз туу туткан байлыгы да, ары да, ар намысы да өз эли, өз элинин жалындагын улан-кыздары” деп жазды “Лица” гезитине Болот Жунусов аттуу автор.

Болот мырза сөзүн андан ары улап, жакында Жапон элчилигинде иштеген кыргыз милийсасы менен кокусунан сүйлөшүп калса, милийса жигит бир ирет борбор шаардын мейманкаларына түнкү рейдге чыкканын, анан кайсы бир мейманканын бөлмөсүндө улгайган кытай жараны кыргыздын жапшаш кызы менен жатканын, көрсө кыз ошол кытайдын фирмасында иштээрин, фирма кыздын окуусуна кетчү чыгымын төлөп тургандыктан ал беш жыл бою кытайдын никесиз катыны болгонго макул болгонун айтып берип атпайбы деп, бүгүн Кыргызстан деген өлкөдө баары алсыз экендигин, өлкөнү өнүктүрүү үчүн акыл-эстүү көз караш жоктугун, бийлик да, оппозиция да, эл да бечаралыгын, ошон үчүн Кыргызстанды кимдер кандай кааласа так ошондой тоноп жаткандыгын, мунун айкын мисалы катары коңшулар жерибизди чет-четинен кертип кете баштаганын, анан бирдеме десең эле биздин аткаминерлер “Эларалык нормалар ушундай болуп атса эмне кылабыз?” деп кынына кире качышарын, бул деген өзүн өзү жок кылуу дегендик болорун жазды автор.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG