Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Ооганстанда козголоңчул аракеттерин улантып жаткан Талибан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/355245AC-19D8-4DA0-A756-954A6F3443CC.asp кыймылын азыр бирдиктүү жалгыз топ катары гана кароого болбойт. Ал акыркы жылдары бир нече түрдүү топтор менен жек адамдардын түйүнүнө айланып кетти. Талибандын соңку беш-алты жылдагы ишине байкоо салган иликтөөчүлөр мына ушинтип билдиришүүдө.

Талибдер 1994-жылы бийликти тездик менен ала баштаганда анын мүчөлөрүнүн көбү ооган качкындарынын коңшу Пакистандагы лагерлеринде уюшулган медреселерде билим алган, советтик аскерлер Ооганстанда турган жылдары жарык дүйнөгө келген же чоңойгон жаштар эле.

Ооганстан боюнча таанымал эксперттердин бири, Нью-Йорк университетинин эл аралык кызматташтык боюнча директору Барнетт Рубин (Barnett Rubin) Талибандын башаты кайдан чыкканын мындайча түшүндүрөт:

-Талибан, албетте, ооганстандык же ооган -пакистандык жергиликтүү уюм, ал жыйырма жыл ичинде калыптанды. Бул мезгил аралыгында миллиондогон ооган качкындары Пакистанда күн өткөрүп, алар окуй ала турган жалгыз жер –медреселер болгон. Кээде алар уруулар жашаган аймактардагы медреселерден билим алышчы. Бул ошол адамдардан куралган жана жергиликтүү мүнөздөгү эле мүдөө - максатты көздөөчү.

Бирок ошол кез менен салыштырганда деле Талибандын жолбашчысы катары эсептелген молдо Мохаммад Омор кыймылга кирген медресе окуучуларынан улуу эле. Азыр анын курагы элүүгө жакындап калды.

Жери боюнча кандагарлык, жакыр үйбүлөдөн чыккан молдо Омор 1989–1992-жылдары ошол кездеги ооган президенти Нажибулланын бийлигине каршы можахеддердин "Хизб-и–Ислами" деп аталган тобунда күрөшкөн. Бул топтун кеңсеси Пакистанда жайгашып, өлкөнүн чалгын кызматынын каналдары аркылуу 1980-жылдары Батыштын колдоосун жана жардамын алып турган экен. Маанилүүсү - улуту боюнча пуштун молдо Омордун Гилзай уруусу эзелтен бери азыркы ооган президенти, пуштун Хамид Карзайдын Дуррани уруусу менен душмандашып келиптир.

Лондондогу экономикалык мектептин кызматкери Антонио Гиустоззи (Antonio Giustozzi) Талибандын 2001-жылдын 11-сентябрында, АКШда орун алган террактардан кийинки өнүгүшүн иликтеп жүрөт. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде азыркы Талибанды бир этникалык топтун же уруунун алкагынан кароо жаңылыш болорун белгиледи.

"Куран, Калашников жана Лаптоп: Ооганстандагы нео Талибан козголоңу" деген ат менен жакында жарыяланган китебинде Антонио Гиустоззи талибдердин жетекчилиги жаңы стратегия менен технологияны, анын ичинде компьютерлер менен жанкечтилердин чабуулдарын кантип колдоно баштаганын мүнөздөйт. Китепте ошондой Талибан кандайча кайра уюшулуп, Оооганстанда 2002-жылдан кийин өзгөргөн саясий шартка кантип ылайыкташканы жазылган:

-Албетте, башкы жетекчилери Талибанда узак, узак убакыттан бери турган адамдар. Өзгөргөнү - алар жаңы аймактарды кошууга аракеттенип, бул аркылуу түрдүү уруулар менен жамааттардын өкүлүн алып келип жаткандыгы. Башында Талибан Гилзай уруусунан курулган. 2003-2004-жылдары жетекчилеринин көбү Дуррани уруусунан болушкан. Биз бүгүн алардын жетекчилик курамы кандай экенин так билбейбиз. Бирок байкалганы жогорку деңгээлге түрдүү жамааттардын өкүлдөрүн чыгаруу аракетинин бар экендиги.

Эксперт Антонио Гиустоззи кошумчалагандай, Талибандын мурда жарыяланган мүдөө-максаттары да өзгөргөн. Ооганстандагы саясий жана коопсуздук кырдаалынан улам уруш жүргүзүү тактикасы да алмашкан:

-Талибан бүгүн партизандык кыймыл. 1990-жылдары, атүгүл 1994-95-жылдардын башында да такыр мындай болгон эмес. Алар бийлик үчүн күрөшкөндө да партизандык ыкманы пайдаланбачы.

Соңку иликтөөлөр ошондой эле Талибан уруштарга катардагы жоокер ирээтинде катышуусу жана жанкечтилик чабуулдарды иш ашыруусу үчүн өспүрүм муундун өкүлдөрүн тартып жаткандыгын да көргөзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG