Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

15:34 Республиканын сот органдарындагы айрым кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылат


Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү жарлыгы менен Конституциялык соттун судьясы Жумакадыр Тогойбаев сот органдарындагы күжүрмөн эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйлана турган болду. Ал эми “Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи” наамы Бишкектин райондор аралык сотунун жетекчиси Калыйса Качкыналиевага ыйгарылат. Ал эми Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун төрагасынын орун басары Мадина Давлетбаева, Конституциялык соттун судьясы Өмүрзак Мамыров жана Биринчи Май райондук сотунун судьясы Кубанычбек Сулайманов Кыргызстандын ардак грамотасы менен сыйланышат, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. (TD)

XS
SM
MD
LG