Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши кечээ жабык жыйында орус-грузин мамилелерин талкуулады. Жыйында эч кандай чечим кабыл алынган жок. Бирок Батыштын төрт өлкөсү биргелешкен документ таркатып, Москваны Абхазия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/D7BBB6A8-FFAB-4ED2-A370-4AC419214785.asp жана Түштүк Осетия менен жакындашууну көздөгөн чечимдерин жокко чыгарууга чакырды. Москва бул талапты аткаруудан баш тартты.

20-апрелде Абхазияда грузиндердин учкучу жок чалгынчы самолету атып түшүрүлгөн эле. Жабык жыйын башталар алдында журналисттерге ошол окуя маалында аппараттын бортундагы камера тартып алган кадрлар көрсөтүлдү. Аларга түшүндүрмө берип, Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакрадзе муну орустар жасады деп ырастады.

Россиянын элчиси Виталий Чуркин грузин министринин ырастоолорун четке какты. Учма аппаратты абхаздар атып түшүргөнүн айтып, Чуркин дегеле чалгындоочу мындай учактардын жаңжалдуу аймакта пайда болушунун өзү 1994-жылдагы келишимге таптакыр туура келбей турганын белгиледи.

Жабык жыйындагы талкуулар аяктагандан кийин да министр Бакрадзе Россияны грузин аймактарын аннексиялап алганы жатат деп кайрадан айыптады. Абхазия жана Түштүк Осетия менен жакындашууну көздөгөн Москванын жакындагы чечимдерин ал жалпы региондогу тынчтыкка коркунуч келтирген кадам катары баалады.

Орус элчиси Чуркин жабык жыйындагы талкуулар конструктивдүү мүнөздө өткөнүн белгиледи. Элчи Абхазия менен Түштүк Осетияны дипломатиялык жактан тааныганга же алар менен аскери кызматташтыгын күчөткөнгө Россиянын ниети жоктугун,атүгүл жаңжалды керек болсо Тбилиси менен биргелешип чечкенге даяр экенин бышыктады.

Жабык жыйындын соңунан АКШ, Британия, Германия жана Франция биргелешкен билдирүү таркатты. Документте төрт өлкө Россияны Абхазияга жана Түштүк Осетияга байланыштуу кабыл алган чечимдерин жокко чыгарганга же аларды аткаруудан баш тартууга чакырышты.

Орус элчиси бул чакырыкты “ашкере кеткен” талаптар деп атады жана Россия аларды аткарбай тургандыгын ырастады. “Биз жасап жаткан иштердин баары толук мыйзамдуу, эл аралык келишимдерге жана укуктарга дал келет,алардын мыйзамсыздыгы тууралуу пикирлердин эч кандай негизин көрө алганыбыз жок”,- деп айтты Чуркин. Мындан тышкары ал Коопсуздук Кеңешиндеги талкууларда Грузияны бир-серин гана өлкөлөр колдогонун кошумчалады.

Грузиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Ираклий Аласания болсо талкуунун жүрүшүндө кеңештин дээрлик бардык мүчөлөрү Россияга өзгөчө сынчыл позициясын билдиришти, орус элчисинин аргументтери менен актанган сөздөрү эч кимди муюта алган жок деп билдирди. Андай болсо эмне үчүн жыйында эч кандай чечим кабыл алынбаганын грузин элчиси тактаган жок.
XS
SM
MD
LG