Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

“ЖОЛ КИРЕ КӨТӨРҮЛСӨ, ЖӨӨ ЖҮРӨМ” ДЕГЕНДЕР КӨП


Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы транспортторго болгон жол киренин баасын кымбаттатты. Мындай чечим күйүүчү майлардын кескин кымбаттап кеткенине, айдоочулардын нааразычылыктарына байланыштуу кабыл алынды. Ошентсе да ордо калаанын бир катар тургундарынын айтымында, азык-түлүктүн, электр жарыгынын жана газдын баалары кымбаттап кеткен чакта, ага кошул-ташыл жол киренин кымбаттатылганы көпчүлүккө катуу тийет.

Бишкек шаардык кеңешинин коомдук транспортко жол киренин баасын жогорулатуу боюнча бүгүн кабыл алган чечими, 1-июндан тарта күчүнө кирет. Баалар көтөрүлбөсө күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам Бишкекте коомдук транспорт жүрбөй калышы ыктымал экендигин айткан шаар депутаттары, жол киренин наркын алгачкы сунушталгандай эмес бир аз арзаныраак бычышканын айтышууда. Шаардык кеңештин депутаты Абдыгул Чотбаев, июндан тарта баалар кандай боло турганын айтып берди:

- Автобус менен троллейбустарга 5 сом болду, мурда 3 сом эмес беле. Ал эми кичи автобустарга эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин 8 сом, кечки тогуздан баштап 10 сом болуп атат. Бизге күндүз 10 сом, кечинде 15 сом деп сунуштап атышты эле, биз анын ортосун тандадык.

Бишкек шаар мэри Данияр Үсөновдун айтымында, жол киренин көтөрүлүп жатканы нормалдуу көрүнүш. Анткени, акыркы он жылда күйүүчү майлар улам барган сайын кымбаттап келатканы менен шаардык транспорттордо жол кире ошол эле бойдон калган:

- Он жылдын ичинде бензиндин баасы 4 сомдон 30 сомго чейин чыкты. Орточо айлык акылар деле Бишкекте 700 сомдон 7000 миң сомго чейин чыкты. Ал эми жол кире он жыл мурда 5 сом болсо азыр деле 5 сом бойдон калып калган. Тарифтер убагында көтөрүлбөгөндүктөн биздеги чоң автобустар жарактан чыгып калган. Бизде 780 автобус бар эле, алар кымбат бензин, тетиктерди сатып ала албай токтоп калышкан.

Бишкек шаар тургуну Керим Өмүркожоевдин университетти бүткөнүнө бир гана жыл болду. Ал азыркы тапта батирде жашап, айылдагы үй-бүлөсүнө каралашып жаткандыктан алган айлык акысы бир айга зорго жетет. “Эми жол кире кымбаттагандан кийин жалаң жөө басып калат окшойм” дейт Керим.

- Маселен, мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына миң сом кошулганы менен бир айлык чыгашасы андан да көп болуп кетип атат. Жол кире эми 8-10 сом болсо ага эки эсе коройт да.

Ишкердик институтунун студенти Манас Эшенкуловдун айтымында, баалар үч-төрт эсе кымбаттаган чакта айлыктарга кошулуп жаткан арзыбаган акча эч нерсеге жетпейт. “Андыктан жол киренин кымбаттаган көпчүлүккө кыйын болот” дейт ал.

- Менин оюмча азыр айлык акылар деле айтырлык деңгелде көтөрүлгөн жок. Бирок ошол эле мезгилде тамак-аш кымбаттап, эми жол кире да кымбаттап атат. Азыр Бишкекте жаңы конуштар да көп, Акөргөө, Акордо, Акбосого сыяктуу. Ал жактарга троллейбус, автобустар каттабайт. Элдин бардыгы кичи автобустарга түшүшү керек. Көбү жумушуна бир эмес эки унаа менен араң жетет да. Ошондо абдан көп акча кетип калып атат.

XS
SM
MD
LG