Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Иранда беш адам өлүм жазасына дарга асуу жолу менен тартылды


Алар адам өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылган. Дагы беш адамга алардан киши колдуу болгондордун үйбүлөрү тарабынан кечирим берилген. Шарияттын жол-жобосуна ылайык, алар кечиримдин ордуна акчалай компенсация алышты. Укук коргоочу эл аралык мунапыс уюму Иран дарга асуулардын саны жагынан Кытайдан кийинки экинчи орунда турарын өткөн аптада жарыялаган болчу. Былтыр эле өлкөдө өлүм жазасы боюнча 317 өкүм ишке ашырылган. Иран болсо өз кезегинде адам укук бузуулар боюнча өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG