Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Бириккен Улуттардын согуш кылмыштары боюнча мурдагы прокурору Карла Дел Понтенин жаңы жазган китеби жакында өз алдынчалык жарыялаган Косовонун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/E9525AA6-790B-49A9-B2EC-E20935DEAA30.asp айланасындагы кырдаалды ого бетер курчутту. Китепте Карла Дел Понте 1999-жылы косоволук албандар туткундардын ички органдарын сойдуруп, чет өлкөгө саткан деп ырасталат, бирок азырынча бул ырастоонун канчалык чын экендиги белгисиз. Ошол эле мезгилде Дел Понте бул тууралуу эмне үчүн дал ушул тапта жар салып чыккандыгы түшүнүксүз болуп жатат.

Дел Понтенин жаңы жарык көргөн китебинде Косово жаңжалынын акыркы күндөрүндө жүздөгөн карапайым кишини Косовонун Боштондук армиясынын согушкерлери коңшулаш Албанияга алып барып, ички органдарын сойдуруп алган деп ырасталат. Курмандыктардын арасында сербдер, орустар жана кеминде бир албан болгон.

Көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек жүрөк титиреткен бул айыптоо Дел Понтенин көптөн күтүлгөн эскерүү китебиндеги эң талаштуу бөлүмү деп саналат. Гаага согуш трибуналынын мурдагы жетекчисинин китеби "Аңчылык: Мен жана согуш кылмышкерлери" деп аталат. Ал Косово февраль айында өз алдынчалык жарыялагандан кийин бир жарым айча убакыттан соң, ушул айдын башында италиян тилинде жарык көрдү.

Айыптоо журналисттердин ырастоолоруна негизделген, ошого карабастан, ал ансыз да олку-солку Балкан аймагын ого бетер дүрбөттү.

Чак Судетик - Дел-Понтенин китебин кошо жазышкан түбү хорват, америкалык журналист. Ал биздин үналгыга ички органдардын аткезчилиги тууралуу айыптоону эмне үчүн китепке кошууну чечишкенин мындайча түшүндүрдү:

- Муну кошконубуздун себеби, уурдалган курмандыктардын урук-туугандары тогуз жылдан бери эч кандай маалымат ала алышкан жок. Ошондой эле Албанияда албан бийликтерине, Приштинада косово бийликтерине ал адамдардын тагдырын иликтөөгө кысым күчөйт деп ишендик.

Сербия жана анын союздашы Орусия бул айыптоолор боюнча тергөө жүргүзүүгө чакырышууда. Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уотч да ушундай эле чакырык менен чыкты.



Дел Понте трибуналдагы кызматынан быйыл январь айында кеткен. Учурда ал Швецариянын Аргентинадагы элчиси болуп иштейт. Швецариянын өкмөтү ага бул маселе тууралуу коомчулукта сөз кылбоого буйруду, ал тургай китебинин Миландагы бет ачаар аземине катышуусуна тыю салды. Швецария парламентинин көрүнүктүү мүчөлөрү анын элчилик кызматтан кетишин талап кылышууда.

Дел Понте өзү жазып чыккан окуялар тууралуу биринчи жолу 2003-жылы уккан экен, анан эмне үчүн бул тууралуу бүгүн айтып чыкты? Даниялык адвокат жана Гаага трибуналы боюнча эксперт Хейкелина Ерийн Стюарт буга мындай түшүндүрмө берди:

- Косовонун Боштондук армиясынын мүчөлөрүнүн ишин тергөөнү америкалыктардын колдобогону Дел Понтенин өтө ачууланткан. Ал мындай зөөкүр кылмыштар тууралуу булганч ырастоолор менен ушул кырдаалга элдин көңүлүн бургусу келди. Чынында да ал чектен чыкты.

Дел Понте “Косоводогу Бириккен Улуттардын администрациясы косоволук албандардын кылмыштарын тереңдеп териштирүүгө жол бербейт” деп эбактан даттанып келген. Анын китепте жазышынча, 1999-жылы Косоволук албандар 100дөн 300гө чейинки сандагы адамды барымтага алып, түндүк Албанияга жеткиришкендиги тууралуу маалыматты Гаага трибуналы "ишенимдүү журналисттерден" алган. Кармалгандардын жашыраактарын бөлүп алып, жакшылап тоюндуруп, анан убактылуу клиникада алардын органдары союлуп алынган. Кийин ал органдарды баш калаа Тирананын жанындагы Ринас аба бекети аркылуу чет өлкөлөргө алып кетип, сатышкан. Мындай ырастоолорду билдирген журналисттер өз маалымат булактары ким болгондугун айтуудан баш тартышкан.

Бирок Дел Понтенин Эл аралык Кылмыш трибуналы боюнча мурдагы кесиптештери бул ырастоолорду текшерип, аларга негиз болуучу фактыларды таба албагандыгын айтышууда. Дел Понтенин мурдагы маалымат катчысы Флоренц Хартман жакында Швецияда француз тилинде чыгуучу "Лө Том" гезитине "Дел Понте негиздүү фактылар экендигин далилдөөгө болбой турган нерселерди" жазгандыгын белгилеп, автордун бул кадамын "жоопкерчиликсиз жана аброюна шайкеш келбеген аракет" деп баалады.

Сүрөт dw-world.de интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG