Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Кечээ парламент телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мамлекеттик, муниципалдык, коомдук, жеке телерадиоберүүлөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/A55C00C0-0E45-4B44-93DB-7D4BC2082529.asp менен мамлекет ортосундагы “оюн эрежесин” аныктаган жаңы мыйзам долбоору боюнча республикадагы көрсөтүү, уктуруулардын теңинен кем эмеси өзүмдүк, ошончолук эле өлчөмдөгүсү мамлекеттик, расмий тилде чыгышы абзел. Улуттук телерадиокорпорациянын байкоочулар кеңешине кимдер кирерин, жетекчисине кимди дайындарын президент өзү чечет.

Жаңы мыйзам долбоорун жазышкандардын бири депутат Ибрагим Жунусовдун ырасташынча, телерадиоберүүлөрдүн обого чыкчу материалдарынын 50% кем эмеси өзүмдүк чыгармачылыгы болушу керек.

- 50% кем эмеси өзүнүн продукциясы, өзүнүкү болуш керек деген талап КМШ өлкөлөрүндө бар. Мисалы, Украинада 50 – 60% деген жок, алар 100% деп чектеп коюшкан.

Телерадиоберүүлөрдө ошондой эле өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдердин колдонулушу да жаңы мыйзам долбоорунда белгиленген. Буга чейинки Улуттук телерадио тууралуy кабыл алынган мыйзамдан айырмаланып, жаңы мыйзам долбоорунда Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн президент Жогорку Кеңешке сунуштайт. Улуттук телеканалдын жетекчисин мамлекет башчысы өз жарлыгы менен бекитет. Антүүнүн жөнүн парламент төрагасы Адахан Мадумаров депутаттар алдында чечмелеп берди:

- Эмне үчүн болуп жатат? Ошолордун талапкерлерин Жогорку Кеңешке президент сунуштайт. Башта ушундай болуп башаламандык болгон. Депутаттардан бешөө, коомдук жарандардан бешөө, президенттен бешөө болсун деген. Чаян, балык, аккуу сымал үч жакка тартат.

Депутат Бегалы Наргозуевдин сунушу кесиптештери тарабынан колдоо таап, Улуттук телеканал жетекчисин президент өзү дайындап, байкоочулар кеңешине кимдер кирери да мамлекет башчынын каалоосуна жараша болору жаңы мыйзамда ырасталды. Андай зарылдыкты Б.Наргозуевдин өзү мындайча түшүндүрөт.

- Өткөндө үчүнчү чакырылыштагы парламент байкоочу кеңешин шайлады эле. Ал аликүнчө иштебей жатат. Ушундай эле кылбайлыбы деген маанай жеңип кетип, добуш менен кабыл алынды. “Акжолчулардын” арасында да ар түрдүү ойлор болду. Кайчы пикирлер болду. Бирок көпчүлүк добуш менен ушул өтүп кетти.

Жаңы мыйзамдагы айрым талаптар сөз эркиндигине кайчы келерин айтып, жыйындан чыгып кеткен “Ак жол” фракциясынын өкүлү Кабай Карабеков байкоочулар кеңешин түзүүгө коомчулук сөзсүз катышуусу керек эле деген пикирде.

- Мен укуктук жагынан айтсам. Бул теманы дурус билем. Булар билбей баарын даярдап Жогорку Кеңештен өткөрүп коюшту. Болбосо мен тигил жактан да айтам. Төрт-беш берене жөнүндө элге түшүндүрүшүбүз керек. Уят болобуз.

Белгилүү тележурналист Тамара Валиева мамлекет колундагы телерадиого байкоочулар кеңешин түзүү сөз эркиндигине кайчы келерин ырастап, антип демократия менен ойноонун эч кандай зарылдыгы жоктугуна токтолду.

- Анан ушул мыйзам боюнча байкоочу кеңеш таптакыр кереги жок болуп калып жатат. Бул демократия деген оюн болуп жатат. Жөн эле оюн. Анын кереги жок. Чындап айтсам, кыйла чынчыл вариант президент баарын өзүнө алса, президент башкы директорду, анын орунбасарларын, атүгүл продюсерлерди президенттик аппарат эле дайындап койсо жакшы болмок. Мен ушинтип ойлойм. Бул кыйла чынчыл болмок.

Адистердин баамында Улуттук телеканалга президент сунушу менен Байкоочулар кеңешин түзүштүн эч кандай деле кажаты жок. Президент сунуштап Жогорку Кеңештен бекиткен андай кеңеш кандай иштердин өтөлүн алары да белгисиз. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен кызматка дайындалган телеканал жетекчиси андай кеңешке деле анчалык муктаждыгы болбойт. Ошондон жаңы мыйзам долбоору парламенттеги көпчүлүктү түзгөн фракция ичинде чоң талашты жаратып, бирок да жыйынтыгы буга чейин боло келгендей, басымдуу көпчүлүктүн каалоосуна жараша чечилди.
XS
SM
MD
LG