Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

ИСМАИЛ ИСАКОВ: “КЫРГЫЗ АСКЕРИ ЭМИ ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШӨ БАШТАЙТ”


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ 24-апрелде Жогорку Кеңеш “Куралдуу күчтөр жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизди. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы контрактык негизде аскердик кызмат өтөөнүн киргизилиши, Куралдуу күчтөрдү табийгый кырсыктарды жоюуда жана терроризмге каршы күрөштө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө байланыштуу келип чыккан. Мыйзамдын демилгечиси коргоо министри Исмаил Исаков --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/2D5A7F79-8175-4BDD-A945-448E3DEDEFAB.asp бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маектешүү учурунда кенен айтып берген.

-Исмаил мырза, ушул мыйзам тууралуу айтып кетсеңиз. Бул мыйзам Кыргызстандын коопсуздугу үчүн кандай артыкчылыкка ээ?

-Бул мыйзам биринчиден пайдубалдык мыйзам болуп эсептелет, анткени ал бизге келечекте Аскер доктринасын жазууга жакшы шарт түзүп берет. Артыкчылыктары абдан көп. Биринчиси: куралдуу күчтөрдү түзгөндө кармануучу жоболор боюнча. Булар анда так жазылган. Алар: Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болуу, Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөлдү күчөтүү. Бул прогрессивдүү, айкындуулукту камсыз кылган мыйзам.

Экинчиден, Куралдуу күчтөрдүн курамынын так жазылышы. Мурда бизде мындай так жазылган эмес болчу. Курамына кимдер кирет, кимдер кирбейт, булардын баары ачык-айкын жазылган. Үчүнчү артыкчылыгы: Куралдуу күчтөрдү пайдалануу шарттарынын тизмеси кеңейтилди. Мурда куралдуу күчтөр өлкөнүн бүтүндүгүн, эгемендигин сактаганга гана керек болсо, бүгүнкү күндө биз террористтерге каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Себеп дегенде бүткүл дүйнөдө Куралдуу күчтөр буга каршы күрөшөт. Бизде да ага карата даярдыктар бар, чоң-чоң техникалар да бар, азыр эле бизден сурап жүрүшөт.

Мындан тышкары техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн аскерлерди колдонуу да киргизилди. Буга чейин бизде андай укук жок болчу, ошондуктан, жер титирегенде, сел жүргөндө, көчкү алып кеткенде аскерлерди алып барууга мыйзам жол берчү эмес. Азыр эми ошондой кырсык болуп калса, министр керек учурда команда берип, андан кийин президентке маалымат берүүгө укук алды. Бул дагы абдан жакшы деп ойлойм.

-Ал эми аскерге барбаганы үчүн төлөм төлөө жана ошол эле учурда аскерде өз каалоосу менен мөөнөтүнөн ашык милдет өтөгөнү үчүн жоокерлерге төлөнүүчү акы маселеси кандай болот? Анткени мурда депутат болуп жүргөндө сиз өзүңүз ушуну сунуш кылган элеңиз..

-Бул тууралуу кийинки мыйзамдарда киргизилет. Колунда бар, жогорку кызматтарда иштеген жарандар өз каражатына жараша балдарына чоң окуу жайларда окууга шарт түзүп берип жатышат. Ошонун негизинде биз окуган жигиттерди аскерге алууга укугубуз жок. Экинчиден азыр аскердин саны аздыгы да таасир тийгизет. Анткени көп балдар аскерге барууну каалаганы менен, аларга орун жок. Мына ушундай негиздер болууда.



Азыр аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлер үчүн шарт түзүп, аларга акы төлөп берүү боюнча биз мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп атабыз. Азырынча айтпай турайын, кудай буюрса жакын арада буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке коюлат.

Биздин Башмыйзамдын 23-беренесине ылайык ар бир атуул Мекенди коргоого өз салымын кошуусу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап атабыз. Бул боюнча карапайым калктын да пикирлерин уктук, алар муну колдоп, “аскерге барбагандар да өз салымын кошсун” деп атышат. Ал эми кандай шартта кошот, анын баары мыйзамда жазылат. Альтернативдик кызмат өтөөнүн тизмесин кеңейтебизби же башка ыкмалар мененби, айтор жогоруда сиз айткан маселелердин баары ордуна келет.

-Ушул тапта аскерге жайкы чакырык жүрүп жатат. Бирок кээ бир ата-энелер балдары денсоолугу толук иликтөөдөн өтпөй эле, аскерге жөнөтүлүп жиберилгенин айтып, нааразы болуп жүрүшөт. Мунун алдын алуу иштери кандай жүрүп жатат?

-Сиз айткандай окуялар болбойт, деп да айталбайм, болуп атат деп да айталбайм. Анткени аскерге балдарды тандоо үчүн жыл сайын атайын комиссия түзүлөт. Анын курамына врачтар кирет, врачтардын арасында аялдар да бар. Биз ошолорго ишенип, тапшырганбыз. “Аскерге денсоолугу күчтүү балдарды гана тандап бергиле”, деп. Эгер ошол комиссиялар таза, так иштеп беришсе, чынында мындай нерселер болбойт. Ал эми алар начар иштесе, мүмкүн болуп калышы ыктымал. Ал ошол врачтардын, комиссиянын колундагы иш.

-Исмаил мырза, маегиңиз үчүн ырахмат.

XS
SM
MD
LG