Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Евросоюздун үлгүсүндөгү бирикме түзүү кыялы Борборазияда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/1A290440-4719-4664-B8CA-BAFFFFDDA7D9.asp жаралганына он беш жылдай болуп калды. Буга баарыдан мурда казак президенти Нурсултан Назарбаев башкы демөөрчү жана демилгечи болуп жүрөт. Бирок бул идеяга караманча каршы чыккандар да бар. Алардын бири - өзбек президенти Ислам Каримов.

Борборазия союзу тууралуу идеянын башкы оппоненти экенине Ислам Каримов жакында Астанадагы сапары маалында да коомчулукту дагы бир жолу ишендирди. “Дароо эле айтайын: Өзбекстан үчүн бул демилге кабыл алгылыксыз иш. Мындан ары бу маселеде өйдө-төмөн сөз чыкпасы үчүн муну бир жолу жана биротоло так кесе айтып койгум келет”, -деп билдирди Каримов Астанадагы маалымат жыйынында.

Өзбек президентинин айтымында, кандайдыр бир союзга биригүү үчүн аймактагы өлкөлөрдүн көрөңгөсү тең болбосо да салыштырганга жарагыдай болушу керек. Кимдин көрөңгөсү канчалык экенин көрсөткөнү Каримов “чакан бизнестин үлүшү Өзбекстанда ички дүң продукциянын 49 процентин түзөрүн” эске салды. ”Ишкерлик үчүн Өзбекстанда түзүлгөн шарт постсоветтик аймактагы бир да өлкөдө жок”,- деп ырастады ал.

Каримовдун бул кебинин төркүнүн баары түшүндү: байманалуу өлкө катары Өзбекстан жакыр-жалчы айрым коңшуларынын жүгүн көтөргүсү келбейт. “Эгер Кыргызстан Казакстан менен бирге ушундай союз түзүүнү ушунчалык эле каалап калса, менимче, бул маселени эки өлкө өздөрү чечиши керек”, - деп айтты Каримов.

Өзбек президентинин чолок кайрып, чорт кетме позициясына сыпаа каяша билдирип, өз кезегинде Нурсултан Назарбаев аймактагы интеграция маселесинде ич ара пикир келишпестиктер көп экенин белгиледи. Мунун бир мисалы катары ал суу-энергетика тармагындагы талаштарды атады. “Суу боюнча төрт, атүгүл беш тараптуу бирдиктүү консорциум түзүү жагынан азырынча эч кандай майнап чыкпай жатат,- деп айтты Назарбаев. - Анткени бу маселеде да ар түрдүү пикирлер бар”.

Кыргызстан менен Тажикстандын, мисалы, сууну “товар катары” саткысы келет, ал эми Өзбекстан менен Казакстан аны коңшулар бекер бериши керек деп эсептейт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демилгеси менен жакында өткөрүлгөн регионалдык жыйында Тажикстандын энергетика жана өнөр жай министринин орунбасары Пулод Мухиддинов өз өлкөсүнүн позициясын өтө катаң апазда бышыктады. “Тажикстан бу маселеде коңшулардын, айрыкча Өзбекстандын макулдугун күтүп отургусу келбейт,-деп айтты ал. - Өз жеринде гидростанцияларды куруу ишин тажик өкмөтү өзү чечет”.

Коңшу өлкөнүн мындай позициясын жакшы билгендиктен Өзбекстан бул жыйынга өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок. Назарбаев болсо суу проблемасын чечүүнүн бирден бир жолун коңшулардын кызыкчылыктарын айкалыштыруудан, б.а. барып-келип эле кызматташтыктан көрөт.

Каримов Астанадан жөнөп кеткен күнү эртеси Назарбаев Евразиялык маалымат каражаттарынын жылдык форумунда сөз сүйлөп, интеграция процессине жол ачуу керектигин, анын ичинде регионалдык бирдиктүү валюта түзүү зарылдыгын белгиледи.

Назарбаевдин Борборазия союзу жөнүндөгү идеясын Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 62-сессиясынын төрагасы Срижан Керим да катуу колдогон эле. ”Бул демилге түпкүлүгү түз идея, анткени ал региондогу өлкөлөргө эркин өнүккөнгө жол ачат”, - деп айткан эле төрага.
XS
SM
MD
LG