Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

ЖОЛДОШ ОРОЗОВ: “АК ЖОЛ” КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ЧЫККЫНЧЫЛЫК ЖАСАДЫ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кыргыз-казак чегара --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/57002084-C03D-4F13-B9E7-F557A2DA8DF0.asp келишиминин ратификацияланышына байланыштуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын, Коомдук парламенттин мүчөсү Жолдош Орозов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Жолдош мырза, кечээ президент Курманбек Бакиев Кыргызстан менен Казакстан ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Кол койгондугун “Акыйкат үчүн” кыймылы кандай кабыл алдыңыздар?

-Ооба, кечээ күнү саат 5те кол койду президент. Ысыккөлдөгү Каркыра жана төрт пансионат сатылаары буга чейин эле белгилүү болгон. Кол коюлаары дагы белгилүү болгон, керек болсо кол коюп таштаптыр деген дагы сөз болду эле. Бирок кечээ президент кол койду.

Менин айтаарым мындай: Ысыккөлдөгү Каркыра жайлообуз жана төрт пансионатыбызды Казакстанга берүү менен биз өлкөнүн президенти жана Жогорку Кеңештеги “Ак жол” партиясынын депутаттары кыргыз элине түздөн-түз чыккынчы иш жасаганы катары кабыл алдык. Бул тыянакты 17-апрелде ысыккөлдүктөрдүн жыйынында дагы чыгарган, мен дагы ушул ойго кошулам.

Өзгөчө азыркы тапта бизде “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жамандар” чыгып, кыргыз элин ойлондуруп, тунжуратып турган суроолорго такап койду. Кыргыз эли азыр биз кимбиз? Кайданбыз? Кайда баратабыз? Эртең эмне болобуз? Эмне үчүн кыргыз мамлекети туңгуюкка кептелди? Эмне үчүн улут кызыкчылыгы тебеленип жатат? Мына ушул суроонун алдында турабыз.

-Жолдош мырза, мына чегара, пансионаттар маселесин бир ууч топ саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышып, элди дүрбөтүп жатат деген кеп айтылып жатат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Чынында суроо ушундай, анткени бир ууч топ бийлик башындагылар элди башаламандыкка салып коюп, кандайдыр бир деңгээлде өздөрүнүн кызыкчылыгынын көздөп жатат деп көп эле эл айтып жатат. Булар дагы ошол ойду аныктагандай болуп турушат.

-Кечээ парламентте энергетика тармагы боюнча маселе каралганда Александр Машкевич деген казакстандык ишкер энергетиканын бир бөлүгүн сатып алуу үчүн акчасын төлөп коюптур деген маалымат айтылды. Ошол Машкевич мурда Бишкекте Орус тили жана адабият институтунда мугалим болуп иштеп, базар экономикасы башталганда акы төлөп кирүүчү даараткана ачып, бизнесин түптөгөнү тууралуу азын-оолак менин кабарым бар. Сиздин ушул Машкевич деген адам жөнүндө маалыматыңыз болсо кененирээк айтып берсеңиз.

-Маалыматым бар, бул жанагы мурда дилер деп койчу эмес беле, даараткана ачып бизнесин көтөргөнү чын экен. Эми энергетика тармагынын сатылышы боюнча эмне айта алабыз? Ошол энергетика тармагын талкалап бүткөн Балкыбеков, Юрий Данилов жана Игорь Чудиновго окшогон бийлик башында турган кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы деп айтаар элем. Дүйнө жүзүндө бирден-бир эң кирешелүү тармак эч убакытта банкрот болгон эмес экен.

Казакстандагы миллиардерлер Машкевич, бизден кеткендер токмоктук өзбек Граф экөө кылмыш топтору менен байланышып, байыган деп бир канча гезиттер жазып жүрүшкөн. Өзгөчө жанагы дүйнөгө белгилүү Алматыны жетектеген Алмаз Рыжий дегендин кылмыш тобу менен байышып, анан Атрауда кийин аттырып салышкан Рыжийди. Биз эми ушул өңдүү шылуундарга энергосекторду сатсак, эртең ага ким кепил боло алат?

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG