Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

КЫРГЫЗСТАНДАН КАЗАКТАР КЕТИП ЖАТАТ?


Кыргызстанда турмуш кыйынчылыгы артып, Казакстанда экономикалык ургаалдуу өнүгүүлөр жүрүп жаткан кезде Кыргызстанда жашаган казактар өздөрүн кандай сезет? Казакстанга көчүп кетүүлөрдүн деңгээли канча? Алар “Каркырадагы” кыргыз-казак чегарасын аныктоого байланышкан маселеге, карапайым кыргыз калкынын нааразылыгына кандай карашат?

Учурда Кыргызстан боюнча канча казак жашагандыгын Кыргызстандагы казактардын “Отан” маданий-агартуу борборунун төрагасы Смагул Нургалиев айтып берди:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 42 миңдей казак бар. Анын ичинен Бишкекте 12 миң, Чүй облусунда 17 миң, Ысыккөлдө 7200, Таласта 3200, түштүк облустарында 200дөй казак бар.

Смагул Нургалиевдин маалыматы боюнча, СССР убагында 100 миңдей казак болгон экен, эгемендүүлүк жылдарынын ичинде жарымынан көбү Казакстанга көчүп кеткен.

Кыргызстандагы казактар айрым этникалык улуттардай белгилүү бир жерлерде топтолушуп жашашпайт. Мисалы, дунгандар Милянфан, Александровка кыштактарын толук ээлегендей, казактардын айылы жок. Эң көп казак улутунун өкүлүн кучагына алган – Сокулук районунун Атбашы айыл өкмөтү, бир жарым мин миң казак бар анда. 1000ден ашык казак казак-кыргыз чегарасына жакын Камышановка кыштагында жашайт.

Эгемендүүлүк жылдарындагы кыргызстандык казактардын Казакстанга көчүүсү тууралу казак кызы Гүлмира Узбекова ой бөлүшөт:

- Барган сайын Кыргызстандан казактардын көчүп кетүүсү көбөйүүдө. Болгондо да күч билек жаштар, мыкта адистер кетип атышат. Себеби, Казакстандын экономикасы өнүгүп, үй-жай маселеси чечилүүдө.

Кыргызстандык казак, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мадуар Омаров аксакал Казакстанга казактар менен кошо чегара жака-белиндеги кыргыздар да көчүп жатат деген маалыматын кошумчалады. Анын айтуусунда, Кордой районунун Степная кыштагында ага мисалдар толо. Чүй облусунун жээктеринен эле 80дей мугалим Казакстанда иштеп жатат. Арасында мектеп деректири да бар. Анткени, аларда айлык көп. Бир жолу Казакстандын теле берүүсүнөн кыргыз мугалим сүйлөп, 44 миң теңге айлык аларын айтыптыр. Жакында бюджетчилердин айлыгы дагы 25 пайызга көтөрүлөрү жарыя болгон.

Мадуар Омаров аксакалдын пикиринде, көчүп кеткендер оңой менен кайтпайт. Өзү дагы 1959-жылы Кыргызстанга мугалим болуп келип, ошол бойдон Кыргызстанда калып калган.

Эң негизгиси, соңку жылдарда соода, курулуш, дыйканчылык иштерин аркалаган жүз миңдеген кыргыздар Казакстанда иштеп, жашап жаткандыгы баарыга маалым. Гүлмира Узбекованын айтуусунда, Казакстан мамлекети Астанадагы кыргыздардын балдары үчүн кыргыз мектебин ачып берди, бул кыргыздарды өзгөчө сүйүнттү. Ал эми Кыргызстан мамлекети канча жылдан бери айтылып келатса да, казак мектебин эч жерде ача элек. Бул өтө өкүнүчтүү. Казак мектеби Таласка, Бишкекке, Ысыккөлгө зарыл. Ысыккөлдүк көптөгөн казактар тилин унутуп, өздөрүн кыргызбыз деп калышкан. Анткени, алар казак тилинде теле берүү көрбөйт, радио укпайт, гезит окубайт.

Ушул жерде бир нерсеге аярлай кетели, биринчи кезекте, Кыргызстандын гезит-журналдары Казакстанга оңой менен өткөрүлбөйт деп айтышат. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин, элдик ыңкылаптын таасири тийбесин дешеби. Эмнегедир, балким суроо-талаптын жоктугунанбы, Казакстандын гезит-журналдары Кыргызстанга да келип-түшпөйт экен. Аны Кыргызстандагы казактардын “Отан” маданий-агартуу борборунун төрагасы Смагул Нургалиев да бышыктады:

- Мен казак гезиттерин Кордойго барып апкелем да, ушул “Отан” маданий-агартуу борборунун кеңсесине коюп коём – каалоочулар таанышсын деп.

Кыргызстандык дагы бир казак улутунун өкүлү Гүлшара Абдыкалыкованын байкоосунда, казакстандыктар азыр СССР убагындагыдай бооркеч эмес, кучагын кыргызстандыктарга мурдагыдай жая бербей, пейил күтүп калышкан. Бул биринчи кезекте мамлекеттин колдоосу күч болгондон улам пайда болду. Бизде – Кыргызстанда деле жаман эмес, ар ким мамлекетти карабай өз тиричилигин өзү өткөрүп көнүп калды. Казакстанда болсо жалдырап эле пенсия, айлык, кредит күтүп олтурушат.

Биз Гүлшара Абдыкалыковага “Каркырадагы” кыргыз-казак чегарасынын аныкталышы менен Ысыккөлдөгү Казакстанга берилген пансионаттар багытында суроо салдык эле, ал бул маселеде эч нерсе айта албастыгын билдирди. Смагул Нургалиев болсо Каркырадагы Казакстанга өткөн чектин ордуна Кыргызстан андан көп жер алгандыгын, демек, нааразылык – түшүнбөстүк экендигин белгиледи.

Улуту казак, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мадуар Омаров аксакал пансионаттар маселесине токтолду:

- Казактар айтып атпайбы, төрт пансионатты биз мыктылап жасалгалайбыз, жыл бою, сутке бою иштей турган эс алуу жайы кылып курабыз деп. 80 пайыз кыргыздар иштейт деди, туурабы? Эмнеге анан кээ бирөөлөр нааразы болот?! Анда өзүңөр алгыла, казактардай деңгээлде жасап көргүлөчү, жасай албайсыңар да! Кыргыз ошондой жасай алмак беле?! Казактар алып кетти деп эле күйүп атышат, эмне, жерди казактар көтөрүп кетиптирби?!. Калат ордунда...

Кыргызстандан кеткиси келбеген казактар жок дегенде казактардын музыкасын уктуруп, домбурасын үйрөтчү жайлар болсо деп эңсешерин Гүлшара Абдыкалыкова билдирсе, Гүлмира Узбекова Кыргызстандагы казактардын “Отан” маданий-агартуу борборунда балдарга казак тилин, казак маданиятын, казак тарыхын үйрөтүү колго алынып жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Кыргызстандык казактар туурасындагы белгилүү акын, “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаевдин пикири:

- Казак туугандарыбыз өткөн кылымдын 30-жылдарындагы ачкачылыкта кыргыздар сактап калгандыгын унутпашы керек. Казакстан кыйла өнүгүп-өсүп, башка өлкөлөрдөгү этникалык казактарды түп мекенине көчүп келүүгө чакырып, анүчүн камкордук көрүп – мыкты иш кылышты. Ошого карабастан Кыргызстандан кетпей жүргөн казак боордошторубуз да арбын. Аларга биз өзгөчө урмат менен мамиле кылышыбыз керек. Казактын мыкты касиеттери көп. Мисалы, биздин гезитте Назарбек Байжигитов деген казак жигит иштейт көптөн бери. Өзү сабаттуу кыргыздардан да кыргыз тилинде мыкты жазат, бирок, сүйлөгөндө казакча гана сүйлөйт...

Чын эле кыргызстандык казактарды казакстандык казактар “кыргыз” деп аташары ырас.
XS
SM
MD
LG