Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

АКШ ИСЛАМАБАД ТАЛИБАНЧЫЛ СОГУШКЕРЛЕР МЕНЕН МУНАСАГА БАРУУСУНА КАРШЫ


Пакистанда жаңы өкмөт Талибанды --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/3093103F-D7FA-49AB-995F-322622AF8E91.asp колдогон согушкерлер менен тынчтык келишимин түзүү алдында турат. Бул азыркы өкмөттүн террорчулукка каршы күрөштү жумшартууга багытталган саясатынын бир бөлүгү. Британия расмий Исламабаддын мындай стратегиясын этияттык менен кубаттаса, АКШ козголоңчуларга каршы урушту токтотпоого үндөдү.

Талибанга жана "ал-Каидага" жан тарткан согушкерлердин очогу Пакистандын Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан жана Түндүк –Батыш чегара провинцияларынын уруулар жашаган аймактарына жайгашкан. Февралдагы быйылкы шайлоонун натыйжасында бийликке келген премьер-министр Юсуф Раза Гиланинин өкмөтү тынчтык келишимди мына ошол согушкерлер менен түзүүгө ниеттенүүдө.

Муну утурлай, маселен, ушул бейшембиде Түштүк Вазирстанды миңдеген жактоочулары менен байырлаган Терик-е-Талибан Пакистан деп аталган топтун колбашчысы Байтулла Мехсуд карамагындагы согушкерлерин ок атышууну тезинен токтотууга багыттаганы тууралуу кабар түштү. Көрсөтмөнү аткарбагандар "эл алдында жазаланары" эскертилген.
Пакистандын Ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу расмий өкүлү Рехман Малик жогорудагыдай кабарды кубаттады:

-Эгер Мехсуд ушинтип айткан болсо, биз муну кубаттайбыз. Биз ар бир туура кадамды колдошубуз керек.

"Ал-Каида" менен тыгыз байланышы бар деп эсептелген Байтулла Мехсуд былтыр декабрда мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун өлтүрүлүшүн уюштурууга тиешеси бардыгы үчүн айыпталган эле. Ал өзү муну четке каккан. Пакистан Ички иштер министирлигинин өкүлүнүн айтымында, тынчтык келишимине кол коюлган шартта да ал иш боюнча тергөө токтобойт.

Ал эми өкмөт сунуш кылып жаткан тынчтык келишимине ылайык, Талибанды колдогон согушкерлер кыянатчыл аракеттерин токтотуп, "ал-Каиданын" чет элдик жалданмаларын колдоп, башпаанек берүүдөн оолак болушу керек. Мунун ордуна Пакистан өкмөтү Түштүк Вазирстандан аскерлерди акырындык менен чыгара баштайт.

Ооганстан менен чектеш Түндүк-Батыш чегара провинциясынын бийликтери болсо ушул аптада Суфи Мухаммад аттуу талибанчыл танымал молдону абактан чыгарышты. Аналитиктер муну өкмөттүн жакшы санаалаштык кадамы катары мүнөздөштү. Сунуш кылынган келишимдин долбоорунда болсо согушкерлердин Ооганстанга чегарадан өтүп барып кол салуулары боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Түндүк-Батыш чегара провинциясындагы таасирлүү пуштун саясатчыларынын бири Латифф Африди "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына келишим Ооганстанга кирүүнү да токтотот деген ишенимин билдирди:

-Суфи Мохмаддын тобу соңку жылдары ар кандай окуялардан өттү. 2002-жылы Ооганстанга миңдеген согушкерлерин жиберди. Бирок бул жагдай азыр толугу менен өзгөрдү.

Апта башында Исламабадда жаңы өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн британ тышкы иштер министри Девид Миллибэнд болгон эле. Ал Пакистан өкмөтүнүн аракетин этияттык менен кубаттап, бирок буга окшогон тынчтык келишимдер оңунан чыкпай калган учурда террорчулардын пайдасына ойноорун эскертти:

-Биз сүйлөшүүнү каалагандар менен сүйлөшүп, элдешүүнү каалагандар менен элдешүүбүз керек. Атүгүл Ирландиянын шартында да адамдардын көбү элдешкен. Бирок бир бөлүгү мындан баш тарткан. Биз ошол баш тарткандар менен сүйлөшкөн эмеспиз. Кыянатчылыктан баш тарткандар менен гана элдешүүбүз маанилүү.

Ал эми Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курешинин айтымында, өкмөт милдеттемелер аткарылбаган шартта аскерий ыкманы колдоно алат:

-Өкмөт сүйлөшүүгө жана элдешүүгө толук мүмкүнчүлүк берүүнү каалар эле. Бирок экинчи жагынан биз бул демилге жооп таба албаганын сезсек, анда башка ыкмалар каралат.

Ал эми Кошмо Штаттар жогорудагыдай келишим талибанчыл же "ал-Каидага" байланышы бар согушкерлердин кайрадан топтошуп, чыңдалуусуна мүмкүндүк түзөт деп чоочулайт.

Пентагондун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Пакистандын уруулар көзөмөлдөгөн аймактарында башпаанектеп жүрөт деп эсептелген "ал-каидачылар" АКШда же Батышта терракт жасайт деген кооптонуу жогору. Коркунуч олуттуу болгондуктан, ал аскерий ыкманы гана талап кылат.

Ак үйдүн маалымат катчысы Дана Перинонун билдиргенине караганда, Вашингтон Пакистан террорчуларга каршы күрөштү улантып, аскерий же коопсуздук операцияларын үзгүлтүккө учуратпоосун колдоодо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG