Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

КАРКЫРАНЫ КАЙРА КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНЕН СУРАЙБЫЗБЫ?


“Аалам” гезитинде “Демократиялык биримдик союз” коомдук кыймылынын координатору Алик Орозовдун Казакстандын президенти Н.Назарбаевге кайрылган Ачык каты жарыяланды. Анда Каркыра деген убагында бүтүндөй кыргыздардын башын бириктирген тархый жер болгонун, ал жерде хан Көкөтөй абабыздын ашы берилгенин, убагында жунгарларды кыргыз тоолору менен казак талааларынан Манас тазалап, кыргыз баатырларынын канына чыланган ыйык жер экени эске салынган.

“Кымбаттуу Нур аке, кымбаттуу казак туугандар!”- деп жазылган ал катта: “Биз кыргыздар түштүк аймагыбыздан жоготкон Шахимардан, Сох, Чорк, Ворх үчүн, Кытайга кеткен Үзөңгү-Кууш үчүн жүрөгүбүз ооруп, жүлүнүбүз сыздап келаткан калкпыз. Бизде жер көп эмес. Биз ошол алакандай жерибиздин акылсыздык менен таратылышына ар дайым каршы туруп келген калкпыз. Казак туугандарына кыргыз эч качан жаман санаган эмес. Казак туугандар! Эгер чындап эле өз жериңерден жер жетпей жатса Кыргызстандын эшиги сиздер үчүн дайыма ачык. Келгиле, жашагыла, жерди иштеткиле. Бирок “протоколдор” деп аталган кагазга жерибиздин оролуп кетип атканына биз эч качан макул эмеспиз. Бул деген эки агайын элдин, эки бир туугандын мүлк талашып, бөлөк-бөтөн элге шылдың болгонуна окшоп турат. Кымбаттуу Нур-аке! Тарых бул сыяктуу чалкеш маселелердин түйүнүн бир замтта чечкен эл башчыларынын эрдигин арбын билет. Сизди кыргыз эли Нурсултан Абишевич Назарбаев-НАН-Настоящий Авторитет Нации деп билет. Анткени НАН деген бардык улуулардын улуусу. Биз кыргыздар, кылымдар бою казактар менен канатташ жашаган боордош калкпыз, ошондуктан кыргыз-казак калкынын тарыхый ордуна, туугандык мамилесине доо кетирбеген, кыргыз элинин рухун көтөрүп, көксөөсүн баса турган улуу чечим кабыл алат деп сизден күтөбүз” деп жазылган.

х х х

Ушул эле гезитке интервью берген экс премьер-министр А.Атамбаев, бүгүнкү күнгө чейин ага кызмат сунуштоолор болгонун, бирок азыркыдай кырдаалда кызматка барууга болбостугун, президент К.Бакиевге убагында “Ак жол” партиясын күчкө салуу менен алып келүү өз башыңызга тиет деп айтканын, акыркы учурда бийлик элдин үнун укпай, ал эми президенттин тегерегиндегилер ага жалаң жалган, жасалма сөздөрдү айтуу менен саясат жүргүзүп калганын, Каркыра маселесин кайра көтөрсө болорун, убакыт өткөн сайын өлкө туруктуулугун жоготуп баратканын, сыягы алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстанга стабилдүүлүк алып келбей калганын, бийлик кулак-мурун кескендер менен кара күчтөрдөн алыстай албаса, колу-бутту сындырам дегендерге гана таянса аягы жаман бүтөрүн, элге таянган бийлик гана күчтүү болорун айткан.

х х х

Сабыр Муканбетов өз интервьюсунда Үзөңгү-Кууш үчүн аксылык 6 азаматтын каны төгүлгөнүн, кыргыз адзаматтары кан төгүлөт дегенден коркуп жөн олтуруп калбастыгын, өз жеринин бүтүндүгүн сактоону талап кылган элине ок чыгарса ал бийликтин шору болорун, Каркыра үчүн кан төгүлсө канын төккөнгө даяр экенин, кайдыгер болуп, мамлекетти жоготуп каңгып кеткенче Ата Мекен үчүн окко учуп шейит кеткен артык болорун, эртеңки жөө жүрүшкө өзү да кошуларын билдирген.

х х х

“Кыргыз руху” гезити аркылуу Жыпар Жекшеев кабарчынын Кыргызстанда жер сатуу маселеси гана эмес, улут маселеси да өтө орчун маселеге айланганын, Түштүктө өзбектердин таасири күчөп баратканын, алтургай автономия алуунун башын кылтыйта баштаганы тууралу суроосуна Ош окуясы да дал ушундай балээден башталып, буга Апсамат Масалиев аксакалдын да алы жетпей калганын, бүгүнкүдөй кырдаалдан пайдаланып, сепаратисттик көз караштагы кишилер улуттар арасында от чыгарып ийгенге себеп болсо Ош окуясы кайталанышы толук мүмкүндүгүн белгилеген.

х х х

“Кыргыз туусу” гезити Түп, Кумбел, Кара-Ой, Бостери айыл кеңешинин кезексиз сессиялары болуп өтүп, мисалы Кумбел айыл кеңешинин сессиясында чыгып сүйлөгөн 5 киши президенттин саясатын жана парламенттин 4 пансионатты жана Каркыра жайлоосунун жерлерин Казакстанга берүү боюнча кабыл алган чечимин бир добуштан колдогонун, Кара-Ой айыл кеңешинин сессиясында чыгып сүйлөгөндөр казактарга Каркыра менен 4 пансионат туура берилди деп сүйлөсө, Бостерилик айыл депутаттары өз жердеши М. Чолпонбаев үчүн уялып жатышканын кабарлады. Ушул эле гезит 8-бетине картасынын сүрөтү түшүрүлгөн Каркыра жөнүндө маалыматты да окурмандарына сунуш кылды.
х х х

“Агым” гезити электр тармагы эбак эле сатылганын коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиев Кыргызстандын энерготармагын 2007-жылы эле белгилүү ишкер, дүйнөдөгү бай адамдардын бири, азыр казак президенти Н.Назарбаевдин кеңешчиси болуп жүргөн Александр Машкевич сатып алганын, ошентип Каркыра, 4 пансионат, энерготармагыбыздын артынан эми “Кыргызтелеком” менчикке өткөнү калганын, аны өкмөт октябрь айына пландап койгонун жар салды.

х х х

Кыргызстанда свет да, жылуулук да жок, бирок калктын эле эмес калкты башкарган атка минерлердин өздөрүнүн башын маң кылган үч түстөгү паспорту бар деп жазган “Новый Кыргызстан” гезити Кыргыз өкмөтү электр энергиясынын, жылуулуктун жана ысык суунун кымбаттоосун кубаттап чыкканын, эми буларга жолкире кошулуп, баары ушул жылдын 1-июнунан тартып элдин чөнтөгүн шакылдап эсептей баштаарын, өнөржайы жана айылчарбасы үчүн 1 киловатт-саат энергия 96 тыйындан, эл үчүн 70 тыйындан төлөтүлөрүн, жылуулук 120, ысык суу 128 пайызга жогоруласа, бул жылы көмүрдүн 1 тоннасы 1800 сомдо 2100 сомго чейин өсө тургандыгын кабарлады.

х х х

“Жаңы ордо” гезити менен маектешүүсүндө өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев бүгүн башка динге өтүп жаткан жаштардын дээрлик 40 пайызын кыргыз жаштары түзөрүн, коомдогу мындай көрүнүш калк арасында ар кандай кайчы пикирлерди жаратып эле тим болбой, аягы чоң чыр-чатакка барып такалып жатканын, маселен Кара-Кулжа районунун бир тургуну өз айлына баптисттердин уюмун ача коем деп элдин катуу каршылыгына кабылганын, бир эле үйбүлөдө бүгүн атасы мусулман, баласы христиан болуп жашагандар пайда болгонун, чындыгында кыргыз элин түйшөлтө турган маселе бул жакта да толтура экендигин кеп кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG