Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ: “ПАРЛАМЕНТ БИЗДИ УГУУДАН БАШ ТАРТТЫ”


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү мыйзам --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/2B8B4EF9-2213-4A15-A8B5-19F7D3D6E916.ASP тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Медиа өкүлү” институтунун директору Илим Карыпбеков жооп берди.

- Кечээ Жогорку Кеңеш телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алгандан кийин коомчулукта УТРКдан башка телерадиокомпаниялардын жабылып калуу коркунучу бар деген пикирлер пайда болду. Ушул мыйзам боюнча сиздин көз карашыңыз?

- Бул коркунуч мурда эле айтылган болчу. Чынында мында коркунуч бар. Себеби ошол мыйзамда ар бир телерадиокомпаниянын чыгарган программасынын 50 пайызын өзү иштеп чыгарыш керек деген норма бар. Албетте, бул норманы бизде бир дагы телерадиокомпания ишке ашыра албайт. Эгерде алып кетсек ошол УТРК эле 17 саат өзүнүн обого чыккан саатынан, программасынын алты сааты гана өзүнүн продукциясы болуп эсептелет. Калганы болсо башка продукция болуп эсептелет. Демек, бул УТРКга да кыйын болот.

Ал эми Улуттук телерадиого кыйын болгондон кийин башка телерадиокомпаниялар дегеле бул норманы ашып кете албайт. Бирок мен ойлойм дароо эле бул мыйзам күчүнө киргенде эле жаап салбайт. Эгер жаап салса төңкөрүш болуп кетпейби. Ошондуктан мен ойлойм бул мыйзамды ар кандай чиновниктер кандайдыр бир өзүнүн кызыкчылыгына же болбосо бир топтун кызыкчылыкка пайдаланышат. Албетте ал андан терс көрүнүш болуп чыгат.

- “Де-факто” менен “Лица” гезиттерин гезит күркөлөрүнө саттырбоо боюнча “Кыргызбасмасөз” жетекчилиги көрсөтмө бериптир. Бул сөз эркиндигине болгон кысымбы же гезит сатуудагы атаандаштыкпы?

- Албетте, бул саттырбай коюу кандайдыр бир атайын негизи жок эле, бул аттандаштыктын негизинде саттырбайбыз деген чектер пайда болуп калса, анда бул сөз эркиндигине басым көрсөтүү. Сөз эркиндигин чектөө болуп баалоого болот. Бирок бул учурда ошону тактап чыгыш керек. Эмне себептен, кандай себептен чыкпай калды деп. Буга акыркы корутундуну берүү али эрте деп ойлойм.

- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү мыйзам боюнча парламент сиздер менен кеңешип, коомчулуктун пикирин уктубу же комитет өзүлөрү эле чечим чыгарып койгонбу?

- Жок. Парламент таптакыр сөз угуудан баш тартты. Биз көп жолу аракет кылдык. Ал тургай мен ойлойм кайсы бир деңгээлде коомчулукту да адаштырууга багыт алышты болуш керек. Себеп дегенде 29-апрелге парламенттик угуу болмок эле. Ага биз даярданып жатканда парламент ага жеткирбей эле мыйзамды кабыл алып коюшуптур. Бир дагы биздин атайын даярдалган сөздөрүбүздү, негиздерибизди, программабызды уккан да жок.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG