Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

15:15 Ишенбай Кадырбеков камакка алынды


Ишенбай Кадырбековду каржы полициясы камакка алды. Бул тууралуу анын бир тууганы Нарынбек Дүйшембиев “Азаттыкка” кабарлады. Ага өткөн жылкы жер титирөөдө жабыр тарткан Баткен облусундагы жана Кочкор районундагы орто мектептердин курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголгону айтылган, бирок каржы полициясынан бул тууралуу маалымат алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок. Экс-министр ушул тапта Бишкек ШИИБнын убактылуу камоочу жайында отурат. Ишенбай Кадырбеков бүгүн эртең менен “Азаттык” менен болгон маектешүүсүндө өзүнө саясий куугунтук жүрүп жаткандыгын билдирген. ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов азырынча мындай маалымат жоктугун айтып, аны такташарын белгиледи. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG