Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Евробиримдиктин калкы жагынан эң кичинекей өлкөлөрүнүн бири катары эсептелген Эстонияга расмий маалыматтарга караганда, былтыр 3,5 миллион турист келген. Бул өлкө калкынын жан башына бөлө келгенде бир жашоочусуна экиден ашуун турист --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/928A4F33-F3DE-4351-8C19-E188B5BE30EB.asp туура келет дегенди билдирет. Эстондор өздөрү айткандай, 1990-жылдары "эгемендиги калыбына келгенден" бери өлкөгө сырттан каттаган саякатчылардын саны өсүү үстүндө. Кабарчыбыз Улан Эшматов бул өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышып кайтты.

Дүйнөлүк экономикалык форум (Wold Economic forum) аттуу баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан кадыр-барктуу эл аралык уюм туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштык боюнча (Tourism and Travel Competition Report 2008) жыл башында жарыяланган жаңы отчетунда калкы 1,5 миллионго жетпеген Эстонияны 130 мамлекеттин ичинен жалпы тизмеде
26-орунга жайгаштырган эле.

Салыштырып карасак, тигил же бул өлкөнүн саякат жана туризм чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоодо тармактын ишин жөнгө салган эрежелер, коопсуздук, аба-катнаш, жол, туризм инфраструктурасы, экологиянын туруктуулугу, табихый, маданий байлыктар өңдүү жана башка он төрт фактор эсепке алынган ал иликтөөдө Борбор Азиядан Өзбекстанга 90, Казакстанга 91, Кыргызстанга 113, Тажикстанга 114 – орун ыйгарылган болчу.

Эстонияда туризм тармагы өкмөттөн экономика жана коммуникация министрлигинин карамагына берилген. Эстониянын Туризм башкармалыгы (Estonian Tourism Board) менен туризмди жазган журналисттердин эл аралык федерациясы – FIJET уюмунун биргелешкен семинарына катышуу учурунда мен ушул министрликтин жетекчиси, өлкөнүн мурдагы премьер- министри Юхан Партстан (Juhan Parts) Балтиканын бул кичинекей өлкөсүнүн туризм жагынан алдыңкы отуз мамлекеттин катарында турушу канчалык реалдуу экенин сурадым:

-Менимче, бул сиз кай жагынан карарыңызга көз каранды. Албетте, бул өнүгүү үчүн өтө жакшы башталгыч чек. Бирок, бул тизмеге кирүү, биринчи, экинчи же онунчу орундуу ээлөө биз үчүн максат эмес. Бул биз дээрлик
200дөй мамлекет бар дүйнөдө туризм жагынан алдыңкы 26 өлкөнүн катарында экенибизде көргөзүүдө. Бул абдан жакшы позиция.


Албетте жалгыз эле туризмди Эстония үчүн экономиканын арка-бели деп айтууга болбойт. Министр Юхан Партстын белгилегендей, акыркы жылдары турзимдин үлүшүнө улуттук дүң өндүрүштүн 8%ы туура келүүдө.



Эстонияга четтен келген туристтердин жарымынан көбүн коңшу Финляндиянын жашоочулары түзөт.

2000-жылдан тарта эстон экономикасы жылына орто эсеп менен 9%га өсүп турду. Айрым жылдары өсүш 13%га чейин чыккан учурлар болду. Бирок быйыл өсүш 7%дын тегерегинде деп белгиленүүдө. Өлкөнүн быйыл күтүлүп жаткан дүң өндүрүшү 25 миллиард доллар. Калктын жан башына бөлө келгенде 19 200 доллардан туура келет экен. Ал эми орточо айлык 1224 доллар деп мерчемделген. Өлкөнүн тышкы карызы Улуттук дүң өндүрүштүн 14%ына барабар. Жумушсуздуктун көрсөткүчү болсо 5%.

Эгер 1990-жылдардын башында Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен өз улуттук валютасын эң биринчилерден болуп киргизсе, Эстония да мындай кадамды Балтика мамлекеттери арасынан биринчи болуп жасаган. Анын экономикалык ийгиликтеринин бир себеби ушул чечимдин өз убагында кабыл алынгандыгына байланыштырылат.

Бир катар эл аралык уюмдардын отчеттору да Эстония посткоммунисттик өлкөлөргө мүнөздүү илдеттерден эртерээк арылгандыгын көргөзүүдө. Маселен тигил же бул өлкөдө коррупциянын көрсөткүчтөрүн иликтеген Транспаренси Интернешнл уюму (Trasparency International) Эстонияны 163 өлкөнүн ичинен 24-орунга чыгарса, 2007-2008-жыл үчүн глобалдык атаандаштык индексинде (Global Competitiveness Index) 27-орунга, экономикалык эркиндик индексинде (Economic Freedom Index) 12-орунга татыган болчу.



Экономиканын баардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде туризм секторунда да өлкөсү тышкы инвестицияга ачык экенин биз менен маегинде экономика жана коммуникация министри Юхан Партс (Juhan Parts) да белгиледи:

-Жалпысынан биз чет элдик инвестицияга абдан ачык өлкөбүз. Эгер Мурас фондунун (Heritage Foundation) сиз экономиканын либералдуулугу боюнча тизмесин карасаңыз, Эстония дүйнө мамлекеттери ичинен экинчи же үчүнчү орунда. Бул - биз чет элдик, анын ичинде туризм секторуна келип жаткан инвестицияга жакшы мамиледе экенибиздин күбөсү. Биз ар башка чөйрө үчүн ар башка айрымачылыкты жасабайбыз. Ал эми реалдуулукта кандай экенин карасак, борбор Таллинде жана башка чоңураак шаарларыбызда мейманкана бизнесинде жана башка туристтик жайларда чет элдик инвестиция көбүрөөк. Бирок табият туризми: өлкөнүн ар кайсы аймактарында аңчылык кылуу, баалык уулоо же гольф ойноо өңдүү мүмкүнчүлүктөр көбүнесе жергиликтүү деңгээлдеги иш.

Ички рыногу азганактай Эстонияга чет элдик туриситтер менен инвестициянын көбү алыскы Кытай же Жапония өңдүү мамлекеттерден эмес, ириде Финляндия жана Швеция өңдүү жакынкы коңшуларынан келүүдө.

Эстониянын жарым өкмөттүк мекемеси - Туризм башкармалыгынын (Estonian Tourism Board) изилдөө иштери боюнча кординатору Пирет Каллас (Piret Kallas) айым мындай дейт:

-Биз үчүн эң ири рынок коңшу – Финляндия. Ага сырттан келгендердин үчтөн эки бөлүгү туура келет. Андан кийин маанилүү орунда Швеция, Латвия, Орусия өңдүү коңшу мамлекеттер турат. Мындан сырткары бул тизмеде Германия, Улуу Британия, Польша, Литва жана Түштүк Европанын мамлекеттери бар.

Биз кепке тарткан адистердин айтымында, туризм башкармалыгында болгону жыйырмадай кызматкер иштейт. Жылына алар эл аралык деңгээлдеги 15тей туристтик жармаңкеге катышат.



Калкы 1,4 миллион эле адамды түзгөн Эстонияга былтыр расмий эсептөөлөр боюнча 3,5 миллион турист келиптир. Алардын 1,6 миллиону бир күндүк коноктор, 1,9 миллиону түнөп кеткен туристтер деп эсептелинет экен. Туристтик кызмат Эстония экспортунун 9% туура келсе, туристтерден киреше 1 миллиард евродон бир аз ашкан. Быйыл болсо эстондор былтыркыдан да көбүрөөк турист тартууга ниеттенүүдө. Туризм башкармалыгынын изилдөөлөр боюнча координатору Пирет Каллас айымдын айтымында, мунун жөндүү себептери бар:

-Биз сырттан келүүчү жана ички туристтердин саны өсөрүн күтүп жатабыз. Сырттан туристтердин келишине оң таасир берүүчү бир нече фактор бар. Биринчиден былтыркы жылдын соңунда Шенген аймагына кирдик. Бул Орусиядан, Кытайдан келүүчү туристтердин санын арбытат деп күтүп жатабыз. Бул ошондой эле бир эле учурда Балтиканын үч өлкөсү боюнча саякаттоого өбөлгө түзөт. Себеби азыр чек арада паспорттук текшерүү жок. Ошондой эле былтыр конференция туризмине багыт алган жаңы мейманканалар ачылды. Бул конференция туризминин өнүгүшүнө көмөктөшөт. Ага катар жыл башында биз конференция туризмин колдоо үчүн Эстониянын жыйындар боюнча бюросун негиздедик.

Эстон туризм башкармалыгынын изилдөөсүнө караганда, туристтердин 54%ы эс алуусун өткөрүү, 4%ы курорттук жайларда денсоолугун чыңдоо, 14%ы конференция менен ар кандай ишкер жыйындарга катышуу, 18%ы туугандары менен досторуна жолугуу, 10% башка максаттар менен келишет. Мунун ичинен эстон тарап азыр конференция туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатыптыр.



Таллиндин Эски шаар деп аталган бөлүгү чет элдик туристтерди эң көп кызыктырган жайлардын бири. Ал 1997-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Сырттан келген туристтерди сурамжылоо учурунда, алардын 79%ы бул өлкөгө каттоосунун эң башкы жүйөөлөрүнүн бири катары борбор шаар Таллиндин байыркы бөлүгүн көрүүнү аташкан. Таллиндин орто кылымдагы түспөлүн сактап калган эски шаары 1997-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Былтыр болсо Таллин Европанын 2011-жылдагы маданий борбору катары тандалып алынган.

Эстон Туризм башкармалыгынын маркетинг боюнча консультанты Кристина Ояама (Kristina Ojamaa) айымдын айтымында, Балтиканын үч өлкөсү бул тармакта бир эле учурда өнөктөш жана атаандаш катары иштеп жатышат:

-Америка жана Жапония сыяктуу алыскы мамлекеттерде маркетинг жүргүзүүдө биз дайыма кызматташабыз, анткени бизди бир чөлкөм катары карашат. Бирок Европада маркетинг жүргүзгөндө жалгыздап иштейбиз. Себеби биз атаандашбыз.



Ал эми өздөрү күнөөстүү өлкөлөргө барууга артыкчылык берген эстониялыктар Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүн билиши үчүн "реклама керек", дешет эстон адистери.

Жылына орто эсеп менен бир жашоочусуна кеминде эки турист туура келген эстондор өздөрү жылуу өлкөлөргө барганга артыкчылык беришет. Мен эстон туризм башкармалыгынын маркетинг боюнча консультанты Кристина Ояама айымдан алар кезинде эски совет аймагында чогуу болгон Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүнөн канчалык кабардар экенин сурадым:

-Адамдар албетте өлкөнү билишет. Балким аларда бул жакка саякаттоо жөнүндө идея жок. Кыргызстан, балким, Эстонияда өлкөнү рекламалоо боюнча бир нерсе жасаш керектир. Мен билгенден, маселен, эстониялыктар Грузияга, Өзбекстанга саякатташат. Эмне үчүн Кыргызстанга эмес?

Албетте, Эстониянын Кыргызстандан географиялык жактан бир чоң артыкчылыгы бар. Ал - деңиз жээгинде тургандыгы. Өлкөнүн туризм башкармалыгынын эсебине караганда, сырттан келген туристтерден 63%ы кеме мен катташат экен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG