Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

17:15 Түптө “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү камакка алынды


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын кеңсесинен маалымдашты. Түп райондук милициясы партиянын мүчөлөрү Райкан Төлөгөновду, Алманбет Шыкмаматовду, Райымбек Мамажановду жана Максат Исмаиловду бүгүн жыйын өткөрүү үчүн келген учурда кармашкан. Алардын өздөрүнүн жана автоунааларынын документтери текшерүүгө алынган, ал эми үн күчөткүч орнотулган автоунаа “мыйзамсыз” деген себеп менен тартылып алынган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү эки сааттан бери Түп РИИБдө кармалып турушат. Партия төрагасы Өмүрбек Текебаев шакирттеринин иш-аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуулар жоктугун, ал эми үн күчөткүч пайдалануу тууралуу ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов менен алдын ала макулдашуу болгондугун билдирди. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG