Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:16

17:18 25-апрелде Жалалабатка Кытайдын Кашкар округунан делегация келди


Делегацияны СУАРдагы Кашкар округунун губернаторунун 1-орунбасары Хуан Сам Пинь баштап келди. Ал облустун өнөр жайчылары, ишкерлери менен жолугушуп, Кашкарда 4 миллионго жакын калк жашап, арасында, кыргыз, уйгур, өзбек, орустар бар экендигин билдирди. 2007-жылы Кашкарга 500 миңге жакын турист барган. Быйыл 28-июндан 2-июлга чейин ал жерде төртүнчү эл аралык жарманке өтөт. Жыл сайын болчу жарманкеге Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Индия өлкөлөрү катышууда. Хуан Сам Пинь жарманкеге чакыруу баракчаларын Жалалабат облгубернаторунун орунбасары Айбек Акбаровго тапшырды. Ал облустун мүмкүнчүлүгү кеңири экендигин белгилеп, буга чейин биргелешкен ишкана түзгөнү келген кытайлык ишкерлерден жооп болбогондугун айтты. Жергиликтүү ишкерлер жарманкеге катышуу үчүн эки өлкө тарабынан (маселен Жалалабаттын суусун алпарууга) жеңилдиктерди берүүну өтүнүштү. Былтыр 20-30 адамга чакыруу келгени менен жарманкеге 6-7 эле ишкер барган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG