Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

18:05 Зилзаладан жабыркагандар Ош шаарынын чеке белинен жер берүүнү талап кылышууда


Кыштагы зилзаладан жабыркаган Карасуу районунун тургундары район аймагынан бөлүнгөн Кайрагач участогуна көчпөй, Ош шаарынын чеке белинен жер берүүнү талап кылышууда. Бул туурасындагы Карасуу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Медер Мырзабеков “Азаттыкка” билдирип, жер титирөөдөн жабыркаган жүздөн ашуун жердештери Кайрагачтын шартынын катаалдыгын, суу жана жайыттын тартыштыгын көрүп айнышкандыгын, талап аткарылбаса азыркы жашап жаткан жерден эч жакка жылбай тургандыгын кошумчалады. Жергиликтүү талдоочулар өкмөт бул көйгөйдү чукул арада бир жаңсыл чечпесе жабыркаган калк келерки кышта дагы үй-жайсыз калып, жергиликтүү бийлик үчүн олуттуу маселе болорун айтышууда. (АTo)

XS
SM
MD
LG