Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Кытай Далай Ламанын өкүлү менен жолугаарын билдирди, Далай Лама бул чечимди кубаттады


Кытай Тибеттик буддисттердин бозгунда жүргөн диний лидери Далай Ламанын өкүлдөрү менен жолугаарын билдирди. “Синьхуа” мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, жолугушуу жакынкы күндөрү болот. Далай Ламанын жакындарынын бири Тензин Такхла диний лидер Кытайдын жолугушуу уюштуруу демилгесин колдогонун айтты. Тензин Такхла бетме-бет отуруп сүйлөшүү гана Тибет маселесин чечиши мүмкүн экендигине токтолду.

Бээжин Далай Ламаны жакында Кытайда орун алган иш-чараларды уюштурган деп күнөөлөп келсе, Тибеттин бозгунда жүргөн өкмөтү Кытайдын коопсуздук кызматкерлери башаламандыктарды атайлап уюштурган деп жооп беришүүдө.

Тибетти колдоо иш-чаралары күчөгөндөн бери эл аралык коомчулук Далай Лама менен диалогду башта деп, Кытайга басым жасап келет. Кытай үстүбүздөгү жылдын август айында Олимпиада оюндарын өткөрөт. Быйыл Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапары Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы уюштурулган толкундоолор менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG