Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ: ТҮНДҮК КОРЕЯ АТОМ ЖАГЫНАН СИРИЯГА ЖАРДАМДАШКАН


АКШ ырасмий түрдө Түндүк Кореяны --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/12/67c74bef-7ad4-440d-977f-e3281e1189e2.asp Сирияга “тынчтык максаттарга” арналбаган жашыруун атомдук реактор курганга жардамдашканы үчүн айыптады. Бейшемби күнү конгресстеги жабык талкууда ЦРУнун адистери келтирген далилдерге таянып, Ак үйдүн өкүлү бул фактыны “кооптуу жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү бүлүнтө турган фактор” катары баалады. Сириянын өкүлдөрү болсо бул айыптоолорду “фантазия” деп аташты.

Ак үйдүн бейшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө айтылгандай, былтыр сентябрга чейин Сирия чөлдүү райондордун биринде атомдук реактордун курулушун жүргүзүп келген, ал толук ишке киришкенде ядролук курал үчүн плутоний алганга мүмкүндүк түзүлмөк. Аталган ишкана ошол эле жылы сентябрда Израилдин Сириядагы аба жапырыктары маалында талкаланган.

Ак үйдүн өкүлү Дана Перино Сириядан атом тармагындагы мыйзамсыз иштерин моюнга алууну талап кылды. Перино бул реактордун “жайчылык максаттарга арналбаганын” далилдегенге жетерлик таныктар бар экенин белгиледи. Сириялыктарга бу жагынан Түндүк Корея жең ичинен жардамдашкан жана “региондогу, жалпы дүйнөдөгү кырдаалга бүлүк туудурган бул кооптуу ишке катышкан”. Бирок буга карабастан Вашингтон Түндүк Корея менен алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү уланта бермекчи. АКШнын аталган проблема боюнча атайын өкүлү Кристофер Хилл да Пхенян менен Дамаск ядролук тармакта “кызматташпай калганын” ырастады.

Сириянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Башар Жаафари Дамаскы бул чөйрөдө Пхенян менен дегеле кызматташпаганын билдирди. “Буга окшогон ушак-айыңдардын баарын биз чечкиндүү четке кагабыз”, - деп айтты ал. Андан мурда Сириянын Вашингтондогу элчиси Имад Мустафа Мамлекеттик департаментке чакырылган эле. Ал жерде айтылгандардын баарын элчи “фантазия” деп атады.

Сириянын атомдук реактору жөнүндөгү маселе бейшемби күнү конгресстеги жабык жыйында атайын талкууланды. ЦРУнун жетекчиси Майкл Хайден мыйзамгерлерге бир нече видеотасмаларды көрсөттү. Алардын бириндеги баяндамада сириялыктардын реактору Түндүк Кореянын Йонбендеги реакторуна өтө окшош экени, аларда уран байытып, ядролук куралга жарай турган плутоний алса болору айтылат. Мындан тышкары Сириядагы реактордун курулушунда иштеген түндүк кореялык жумушчулар менен адистердин сүрөттөрү да көрсөтүлдү.

Бирок конгресстеги жабык талкуулардан соң өкүлдөр палатасынын чалгындоо иштери боюнча комитетинин айрым мүчөлөрү бул тууралуу мыйзамгерлерди өз учурунда маалымдар кылбаганы үчүн президент Буштун администрациясын сынга алышты. “Алар бизге сегиз айдан бери эмнеге унчукпай келишкенин, эмнени күтүп отурушканын түшүндүрө алышкан жок”, - деп айтты республикачыл конгрессмен Пит Хоэкстра журналисттерге.

Сүрөт rian.ru интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG