Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Быйыл 26-апрелде Чернобылдагы атомдук апаатка 22 жыл болот. Бул окуя ошо кездеги Советтер Союзунда “жашылдардын” жанданышына түрткү берген эле. Арадан чейрек кылымга чукул убакыт өткөн соң экс-совет аймагындагы көп өлкөлөрдө авторитардык режимдердин айынан экологиялык кыймылдардын активдүүлүгү төмөндөдү,айрым жерлерде атүгүл алар жергиликтүү өкмөттөрдүн куугунтугунда калышты.

Россиялык “жашылдардын” башкы эксперти Владимир Чупров Чернобылдагы алаамат ошо кездеги Советтер Союзунда, өзгөчө Украинада, Белоруссияда жана Россияда экологиялык кыймылдардын жанданышына алып келгенин эскерет. “Бул окуя адамдардын аң-сезимин, айлана-чөйрөгө жасаган мамилесин өзгөрткөнгө,техникалык прогресс дамамат эле жыргалчылыкка алып келбей турганын, мисалы, атом энергиясы сыяктуу жетишкендиктер менен өтө этиет болуу керектигин, дагы башка огеле көп иштерди аңдап-түшүнгөнгө түрткү берди”,- дейт ал.

Чернобылдагы куткаруу иштерине катышкандардын бири,Санкт-Петербург шаарынын тургуну Александр Великин соңку жыйырма жыл ичинде экологиялык кыймылдардын жигери түгөнгөнүн, алар менен азыркы бийликтер таптакыр эсептешпей калганын белгиледи. Великин “жашылдар кыймылы стабилдүү режим түзүлүп, адамдардын көпчүлүгү келечегине ишенимдүү карап, кенен-чонон камсыз болгон,бир тиштем нандын же ден соолугуна керектүү бир тоголок дарынын кайгысын тартпай, бейгам жашаган өлкөлөрдө гана күчтүү болоруна” көзү жетти. Россия азырынча мындай абалга жете элек. Жадакалса Чернобылдын кесепетин жойгонго катышып,анын кутулбас куясына калган адамдар да медициналык жактан жетиштүү жардам албаган учурлар арбын.

Украиндагы жагдай деле жакшы эмес. Ал эми Белоруссияда болсо экологиялык активисттерге Лукашенконун режими “эл бузарлардай” карап, куугунтуктап турат. “Каттоодон өтүүнүн өзү тозок, - дейт жергиликтүү “Екадом” кыймылынын мүчөсү Катерина Гончарова. – Ошого карабастан экологиялык уюмдар эптеп жашап жатат. Анткени калк арасында бу маселеге кантсе да кызыккандар көп”.

Казакстандагы “Табигат” кыймылынын лидери Мелс Элесүзов өлкөдө бул чөйрөдө көңүл бурууну талап кылган көп маселелер бар экенин айтып, алардын ичинде өзгөчө Каспийдин, Аралдын, Балхаштын, Семейдеги жана башка жерлердеги полигондордун проблемаларын атап өттү. “Өкмөткө көп эле сунуштарды бердик, бирок аларга кулак каккан эч ким болгон жок. Өкмөт азыр экономиканы көтөрөбүз, мунай өндүрөбүз, аны сатабыз дегенден башкага көңүл бурбайт. Аз жылдан соң өкмөткө экология да кереги жок болуп калышы мүмкүн”, - дейт Элесүзов.
XS
SM
MD
LG