Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

09:45 Түп айылынын борборундагы “Акдан” соода борборунда жөө жүрүшкө чыга тургандар чогулууда


Кабарчыбыз Аманбек Жапаровдун айтымында, ушул саатка карата 50гө жакын адам чогулду. Жыйын түшкү саат 12ге белгиленген. Түп районунун акиминин орун басары Ибрагим Жолдошевдин айтымында, жолугушуу боюнча эч ким уруксат сураган эмес. “Андыктан аларга аэропортто орун бердик” деди И.Жолдошев. Кабарчыбыздын маалыматына ылайык ушул тапта чогулган элдин жанына 3-4 аял келип, “бул жерге эмнеге чогулдуңар эле”, - деп кыйкыра баштады. Чогулуп жаткан жергиликтүү тургундар буларды чагымчы катары кабыл алып жатышат. Оппозиция лидерлеринен ал жерде Мукар Чолпонбаев жүрөт. (ZMa, AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG