Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Бүгүн Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылууга 22 жыл толду. Бул алааматтын каскагын жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Бирок ушул күндөрү ошол алардын бир миң алты жүзү гана жашап жатат. “Коом жана турмуш” түрмөгү ушул Чернобылдагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/04/5EF93802-61CD-41D6-9E8A-DCE5DD2D6174.ASP кырсыктын кесепеттерин жоюууга катышып ден соолугунан айрылган атуулдардын ал- абалы, аларга көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдар, ошондой эле өлкөнүн Кажысай, Майлысуу жана башка аймактарындагы уран калдыктарынан жапа чеккен атуулдардын көйгөйлөрүнө арналды.

Азыркы жаш муундун көбү 1986-жылы 26-апрелде эмне болгондугунан кабардар эмес. Чернобыль - бул миллиондогон адамдар үчүн орду толгус кайгы, көз жаш, жоготуулар. 1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыль атом электр станциясындагы жарылуунун каскагы калган башка совет республикалары сыяктуу эле кыргызстандык миңдеген үйбүлөлөргө да көз жаш алып келген. Чернобыль алааматын жоюу иштерине мурдагы кеңеш курамындагы өлкөлөрдөн бардыгы 860 миң адам катышкан. Кыргызстандан Чернобылга барган үч миңдей адамдын 500дөйү 50 жашка жетпей эле каза табышкан.

Ар бир жылдын 26-апрелинде мурдакы кеңеш курамына кирген өлкөлөрдө Чернобыль атом электр станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине катышып, радиациянын нур-залалынын кесепетинен ар кандай дарттарга кабылып, көз жумгандарды эскеришет, гүл коюу салтка айланып баратат.

2001-жылы Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынан каза тапкандарга эстелик коюлган. Ар бир жылдын 26-апрелинде бул жерге Чернобылдан айыккыс дартка кабылып, каза тапкандарды эскеришип, гүл коюшат.

Өткөн 20-кылымдын техногендик кыйраканы - Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин толук жоюу үчүн жүздөгөн жылдар талап кылынаарын, бул алааматтын кесепети чернобылчылар гана эмес, алардын балдарына да каскагын тийгизээрин адистер айтып, эскертип жүрүшөт.

Чернобылдагы кырсыкка катышкандардын Свердлов райондун бөлүмүнүн жетекчиси Ороз Аккабаковдун айтымында, мамлекет тарабынан Чернобылга баргандарды социалдык жактан коргоо боюнча бир катар мыйзамдар иштелип чыкканы менен анын көбү кагаз бетинде гана калып, айрым жеңилдиктер алынып салынууда. «Чернобылчылар» жадагалса денсоолугун чыңдап алганга мүмкүнчүлүктөрү жана каражаты жетишсиз экенин Ороз Аккабаков кошумчалады.

“Чернобылга барганын билсе, эч жерде жумушка да алышпайт”

Чернобыл алааматын жоюу иштерине катышкан аксуулук Билал Кайбылдаев жаш кезинде бир да жолу ооруган эмес. Ал радиациянын кесепетинен көптөгөн ооруларга кийин дуушар болуп, денсоолугу жылдан жылга начарлап баратканын билдирди:

- Денсоолугум жылдан жылга начар десем болот. Бизди 2 саат гана иштетиши керек эле, бирок радиациянын так очогунда биз 4 саатттан иштеп жаттык. Ал эми өлгөнгө аз калгандарды үйлөрүнө жибере башташты. Алар өздөрү билет экен да канча радиация алганда адам өлөөрүн. Бизге эч нерсе айтышчу эмес.

Чернобыль кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштерин катышып келген жолдошу Асан Калбаев каза болуп, үч баласынын денсоолугу начарлыгын, айрыкча кичүү баласы оорукчал болуп дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын бишкектик Шайкүл Калбаева айтып, өкмөт жеткиликтүү жардам бербей жатканына кейиди:

- Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин таасирин тийгизет экен. Үч балам тең оорукчал болуп азабын тартып жүрөм. Бизге керектүү дарылар жеңилдик берчү тизмеде жок болуп, айласыздан сатып алууга туура келүүдө. Бир балага жылына дары алууга 200 сом бөлөт, ал эмнеге жетет?

1987-жылы №110-аскер прокуратурасынын курамында Чернобылда кызмат өтөгөн азыр Кыргызстандагы “ Чернобылчылар кошуну” коомдук бирикмесинин ардактуу төрагасы, юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев менен маектешкенде чернобылчылардын көйгөйлөрү тууралуу мындай деп кеңири жооп берди:

“- Чернобылга баргандардын саны жыл сайын суюлуп баратканын, айрыкча көбү жүрөк ооруларынан каза болуп жатканы айкын. Чынында мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлүп эле жаткансыйт, бирок ажалдан арачалап калыш кыйын экен. Өкмөттүн жардамы демекчи, былтыр гематология борборунда «чернобылчыларды» дарылоочу бөлүм ачылган. Төө ашууда болсо дарылоочу борбор да ачылып, иштеп жаткансыйт. Бирок тез операция жана бекер жасоо боюнча өкмөттүн чечимин алуу үчүн бир жылдан ашуун чуркап жүрүп, араң дегенде кечээ макулдук алдык.

Бир жыл аралыгында 50гө жакын “чернобылчы” жүрөк, кан тамыр ооруларынан каза болуп калды. Балким, мурдаарак бул маселе чечилип калса, өмүрүнө арачы болооор беле? Кеч болсо муну да болсо бизге бурулган азыноолак көңүл деп ойлойм.

Чынында Чернобыль алааматынын кесепетинен алты жүздөй кыргызстандык 50 жашка чыкпай, каза табышкан. Көзү тирүү калган бир жарым миңдей адамга мамлекет тарабынан колдоо болуп келатканына карабай, алардын дээрлик баардыгы денсоолуктун азабын тартып келатышат. Аларга берилген социалдык жардамдын аты эле бар. Же дарысына, же үй бүлөөсүн багууга жетпейт.

Ал эми “чернобылчы” экенин билсе эч жерде жумушка да алышпайт. Ошондуктан айласыздан биздин балдар Чернобылга барганын, майып экенин, оорукчал болгонун жаап жашырып, эптеп оокат кылып жүрүшөт. Алардан төрөлгөн балдар да оорукчал болуп, денсоолуктары начар. Айрым жигиттер турмуштун оорчулугуна чөгүп, ичкиликке берилип кетүүдө.

Чернобыль алааматынан жалпы адамзат сабак алышы керек, мындай кырсык экинчи кайталанбасын.

Мамлекет тарабынан Чернобылга баргандарга бир катар жеңилдиктер каралганы менен айрымдары акырында алынып салынууда. Ошого карабай, «чернобылчылар» соңку учурда Бишкек шаарындагы унаада бекер жүрүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышкан.

Шаар бийлигинин карамагында турган «чернобылчылардын» саны көп деле эмес. Бир топ эле маселени чечип беребиз дешкени менен убадаларын аткарыша элек. Ошондуктан жол киресин деле бекер кылып коюшса болмок. Чернобылчыларга арнап көп кабаттуу турак үй салуу боюнча өкмөттүн токтому аткарылмак тургай, эч кандай жылыш жок.

Чернобыль - бул жалпы адамзаттын кайгысы. Айрыкча анын оор жүгү Украинанын мойнуна түшкөн. Акыркы 10 жылдан бери Украина Чернобылдын көйгөйү менен жалгыз өзү кармашып келатат. Кырсыктын кесепетин жоюуга жыл сайын, күн сайын казынадан каражат бөлүнүп келатат. Акыркы 20 жылда ал иштерге 150 миллиардга жакын доллар сарпталды. 163 айылдын жана шаарлардын 163 миң калкы башка жактарга көчүрүлгөн. Муну менен эле анын маселеси чечилип калбайт. Алааматтын азабын биздин балдар да тартаары бышык”, - деди Кубатбек Кожоналиев.

Өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык жактан коргоо жана гуманитардык жардамдар боюнча башкармачылыгынын жетектөөчү адиси Жамал Касымованын айтымында, Чернобылдагы радиациядан жапа чеккендер социалдык жактан коргоого алынган:

- Ар жыл сайын санаторийлерде «чернобылчылар» акысыз денсоолугун чыңашат. Көмүр, электр жарыгынын жарым баасын гана төлөшөт. Алар үчүн көп эле жеңилдиктер каралган. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тиет. Ошондон улам, Кыргызстанда Чернобылга барган адамдардын 1,5 миңдей балдары дарыгерлердин дайымкы көзөмөлүндө турат.

Кажысай айылында уран калдыктарынын сакталышы кооптуу

Чернобылдагы кырсыктан жапа чеккендерден сырткары да өлкө аймагында уран калдыктары көмүлгөн аймактарда жашагандардын денсоолуктары да начарлап баратканын адистер айтышууда. Ошондой аймактардын бири - Тоң районундагы Кажысай айыл. Бул жердеги уран калдыктарынын сакталышы да кооптуу болуп, жергиликтүү калктын денсоолугуна терс таасирин тийгизүүдө.

Ысыккөл облусунун Тоң районуна караган Кажысай айылында уран калдыктарынын сакталышы кооптуу делет. Анткени 1947-жылдары бул жерде уран кени ачылып, кийинчерээк толук өндүрүлүп бүтө электе эле ар кандай себептер менен жабылып калган. Адистер ал да өз эрежеси менен көмүлбөй, үч чакырым жакын жайгашкан калк жашаган айылга өтө зыяны тийип жатканын ачыктаган эле.

Тоң районунан шайланган мурдакы депутат Арслан Малиевдин жардамы менен ал жер кайра калыңдап көмүлгөн. Бирок аны кайтарууга алуу колго алынбагандыктан аягына чыккан эмес экен. Жергиликтүү депутаттар болсо эл ал жерден темир, жез казып алабыз деп мерт болгондорун белгилешет.

- Ошол жерден темир, жез казышат. Ошол жерден төрт-беш адам каза болушкан. Жерди казып жатып эле көмүлүп калышкан. Бирөө Бөкөнбай айылынан, экинчиси болсо кажысайлык жаңы эле армиядан келген жигит болчу.

Кажысай айылдык кеңештин депутаты Ырысбек Дөшалиевдин айтымында, уран калдыктарынын ачык жатышы адам өмүрүнө жана аны курчап турган чөйрөгө олуттуу зыян келтирип жатканын жогору жактагылар таназар албай жатат.

Кезинде Каджисай айылында көмүр өндүрүү жана электртехникалык заводдор болгон экен. Азыр электр приборлор тетиктерин чыгаруучу бир-эки гана цех калган. Эл ушуга ыңгайлашып, ушул жерди байыр алып калышкан экен. Бирок учурда өндүрүш жүрбөй анын баарын токтоп тургандыктан дээрлиги жумушсуз калып, көчүп кеткендер да көбөйгөн. Иштетээрге айыл чарба жер үлүшү да бөлүнгөн эмес. Мына ушундай кырдаалдан улам социалдык абал өтө төмөндөп радиация кошумча болуп элеттиктер денсоолугунун начарлагандыгын да айтышууда.

- Менин дегеле оорубаган жерим жок. Абанын кургаганын сезем. Тамак ачышат. Радиация күчтүү. Ага көңүл буруп, бизге жардам берээр киши жок. Өзүм 67 жашка чыктым, - дейт Раиса Полухина.

Бирок, райондук бийлик мындай дооматтарга негиз жок дейт. Тоң райондук акиминин орун басары Нурия Төлөнбүтова калк саламаттыгы боюнча “чернобылчылар” өзгөчө камкордукка алынган дейт:

- Кажысай айылында радиация анча күчтүү эмес. Анча деле коркунучу жок. Жалпысынан негизи он беш жыл болду. Алардын көбүнчөсү Кажысай айылында жашашат. Бирөө Тоң айылында, Бөкөнбай айылында экөө бар. Ошондой эле “Бүркүт” айылында да бар. Эми буларга салтанаттуу ачылыш болот. Аким өзү ачат. Катышабыз, концертибизди беребиз, акчалай жардамыбыз бар. Негизи бүт баарына текши 300 сомдон берилет, - дейт Нурия Төлөнбүтова.

Ал эми уран калдыктары турган өндүрүш аймагы деген айылда болгону 28 түтүн жашайт. Жалпы Кажысай өкмөтү боюнча беш миңдей эл бар. Болбосо кеңеш доорунда 14 миң калкы бар Кажысай шаарчасы деп аталчу. Бирок бир-эки жылдан бери бул аймакка көчүп келүү тенденциясы байкалып жатканын белгилеген айыл өкмөтүнүн башчысы аны радиациянын жоктугу менен байланыштырып, Чернобыль кырсыгынан жабыркагандарга берилген жеңилдиктерди белгиледи:

- Поселкалык аймакта үч адам Чернобыль кырсыгына кабылган деп эсептелет. Аларга биз кышкы мезгилде 430 кВт сааттын 50 пайызын бекер алууга мүмкүнчүлүк бергенбиз. Жайкы мезгилде болсо 310 кВт сааттын 50 пайызын бекер алууга уруксаты бар.

Кажысай айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Урманбетов ар бир Чернобылчыга дарыланууга 800 сомдон берилгендигин айтты. Ошондой эле ал уран калдыктарын казып жатып каза болгон окуялардан кийин бул иш токтотулгандыгын да төмөнкүчө кошумчалады:

- Катылып калган жез, темир баалуу металлдарды кайрадан казып алуу жана өткөрүү иштери жүргүзүлүп, былтыр бир-эки жигитибиз кырсыкка учурап калган эле. Ал металлдар түгөнгөн болсо керек. Азыр казуу иштери жүргүзүлбөй калган, - деди Нурлан Урманбетов.

Ошондой эле уран калдыктары көмүлгөн Майлысуу, Миңкуш, Орловка, Карабалта аймактарындагы калктын денсоолугуна терс таасирин тийгизип жаткандыгын адистер айтып жүрүшөт.

Чернобылдагы кырсыктан үч жарым миллион украиналыктар жапа чеккен.
Өлкөнүн 10 пайыз аймагы радиацияга чалдыгып, миңдеген гектар айдоо аянттары жарактан чыккан. 2000-жылы 15-декабрында Украина ошол учурдагы президенти Леонид Кучма Чернобыль атом электр станциясын биротоло токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.

Кабыл Макеш, Бишкек,
Рита Нурманбет кызы, Ысыккөл
XS
SM
MD
LG