Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

10:38 Түптө оппозиция өкүлдөрү таш бараңга алынды


Ушул саатка карай Түп айылындагы “Акдан” соода борборунун жанына баш-аягы жүзгө жакын адам чогулду. Ошол жерде жүргөн кабарчыбыз Аманбек Жапаровдун айтымында, Бишкектен баргандар таш бараңга алынышты. Маселен, “Алкак” гезитинин баш редактору Айгүл Жумалиеванын башына таш тийип, эки-үч аял анын башына чаап жиберишкен. Ошондой эле жаштардын “Мен ишнебейм” кыймылынын мүчөлөрү таш бараңга алынып, ал жерде кетүүгө аргасы болушкан. Алардын артынан кубалашкан. “Акыйкат үчүн” кыймылынын өкүлдөрү да ушундай абалга кабылышкан. Оппозиция муну чагым катары баалоодо. Бирок ошол жерде жүргөн район акиминин орун басары Ибрагим Жолдошев чагым дегенге кошулбастыгын билдирди. Окуя болгон жерде милициянын 10дон ашуун кызматкерлери жүрүшөт.(SM)

XS
SM
MD
LG